Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кол коюлган документтер

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Еревандагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Өкмөттүн маалымат кызматы кол коюлган документтерди тизмектеди. Алар:
"Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 2022-жылдын 21-июнундагы N8 буйругунун 4-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйрук;
"ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө" чечим;
"ЕАЭБ товарларынын жалпы биржа (уюшкан) рыногун түзүү концепциясын бекитүү тууралуу" буйрук;
"ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногунда маалымат алмашуу эрежелерин бекитүү тууралуу" чечим;
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2024-2026-жылдарга макулдашылган транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу жөнүндө" буйрук
"Иш-чаралар планы (жол картасы)";
Жарандык авиация тармагында "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн айрым маселелери жөнүндө" буйругу;
"2023-жылга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын которуу жана бөлүштүрүү жөнүндө" буйрук;
"ЕАЭБ Сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүү жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук;
"Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.
Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык борбор катары өзүн көрсөтө алды