00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык борбор катары өзүн көрсөтө алды

© Фото / пресс-служба кабмина КРКыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереванда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереванда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык бирикме өзүн экономикалык борбор катары көрсөтүп, бүгүнкү күндө татыктуу ордун таба алды. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереванда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал ЕАЭБ жөнүндө Келишим 10 жыл мурун түзүлгөнүн, бул аралыкта көп иш жасалганын белгиледи. Жапаровдун айтымында, евразиялык интеграция бирикмеге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу менен жалпы дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш тереңдөөдө.
"Биргелешкен аракет менен чакырыктарга туруштук берип, кеңешип экономикалык маселелерди чечүүгө умтулуп жатабыз. Натыйжада ЕАЭБ өзүн экономикалык борбор катары көрсөтүп, бүгүнкү күндө татыктуу ордун таба алганына күбөбүз", — деди өкмөт башчы.
Ал бирикмеге үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусу барган сайын өсүп жатканын эске салды. Байкоочу мамлекеттер улам көбөйүп, соода келишимдери түзүлүп жатат. Жапаров бул "биздин интеграциялык моделдин" керектүүлүгүн жана маанилүүлүгүн айгинелей турганын белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, өнөктөштөрдүн көбөйүшү жана тышкы саясий байланыштардын бекемделиши уюмдун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана эл аралык аренада кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарт түзө аларын тастыктады.
"Бул тенденция эл аралык коомчулуктун ЕАЭБдин келечегине болгон ишенимин чагылдырат. Жыл өткөн сайын экономикаларыбыздын интеграциясы тереңдеп, азык-түлүк, энегргетикалык жана транспорттук коопсуздуктун бекем пайдубалын түзө алдык", — деди Жапаров.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2024
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери почта маркаларын жүгүртүүгө киргизди
Жаңылыктар түрмөгү
0