2023-жылы калкты таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 672 миллион сом каралган. Бул тууралуу Шамшидин Халов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калктуу конуштарды 2026-жылга чейин таза суу менен камсыздоо программасынын алкагында иштер жүргүзүлүүдө.
"Өлкөдөгү 1 819 калктуу конуштун 715ин таза суу менен камсыздоо пландалган. Ошондой эле 24 шаарда таза суу жана саркынды суу тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Бюджеттен 672 миллион сом каралып, 80 объект курулууда. Ал эми 24 айылда таза суу чыгарылды. Донорлордун жардамы менен 62,8 миллион долларга Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын 70 айылы таза суу менен камсыздалды, дагы 25 айылда курулуш иштери уланууда. Ошондой эле донорлор аркылуу Жалал-Абадда — 24, Нарында төрт айылга суу чыгарууга жетиштик. Мындан тышкары, Ысык-Көлдөгү саркынды сууну тазалоо системаларын куруу, оңдоо иштерине басым жасалууда. Алсак, Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында долбоорлор башталып, алдыдагы үч жылдын ичинде бүткөрүү пландалып жатат", — деди Халов.
Ошондой эле ал учурда таза сууну мурдагыдай кылбай ар бир үйгө чейин киргизүү максатталып жатканын кошумчалады.