Жаш кыздарды алдап чакырып... Бишкекте сойкукана иштеткендер кармалган видео

Кармалгандар жаш кыздарды официант катары ишке алдап алып, коркутуу, опузалоо жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга аракет кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун ачып, бирок ичинде чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүп, аларга төшөк кызмат көрсөткөн жашыруун жай уюштуруп коюшкан.
"Жаш кыздарды официант катары ишке алдап алып, уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, опузалоо жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга аракет кылышкан. Бул жайга чет элдик жарандар гана бара алчу (балким, жашыруун тасма тартылып, алынган далилдер чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн)", — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Бишкекте чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду

2 / 3

Бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун ачып, бирок ичинде чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүп, аларга төшөк кызмат көрсөткөн жашыруун жай уюштуруп коюшкан

3 / 3

Жаш кыздарды официант катары ишке алдап алып, уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, опузалоо жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга аракет кылышкан. Бул жайга чет элдик жарандар гана бара алчу

Топтолгон материалдардын негизинде 10-ноябрда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын ичинен текшерүү учурунда 30дан ашык кыз жана чет элдик 16 киши болгону аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин ("Сойкулук кылууга тартуу") негизинде козголгон иштин алкагында бул жайдын үч уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында аталган жайдын мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бейформал колдоочуларын (калкалап келгендерин), ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкек — Ош жолунун боюнда сойкукана уюштургандар кармалды. Сүрөт