ЕАЭБ баштаган уюмдардын Африка өлкөлөрү менен кызматташуусу кеңеет

РФтин вице-премьери Алексей Оверчук ЕАЭБдин миссиясы жакында уюштуруларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ Африка өлкөлөрү менен кызматташуусун кеңейтип жатканы боюнча Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы инфографика жарыялады.
Евразиялык экономикалык союз менен Африканын эркин экономикалык аймакты түзүшү континентке экспортту кеңейтерин экономика илимдеринин доктору Алексей Зубец айтып берген.
Беларусь менен Россиянын айыл чарба жабдууларын экспорттоого, автоунаа өндүрүшү менен энергетикалык ири долбоорлорду өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилеген. ЕЭКтин коллегиянын мүчөсү Михаил Мясникович Африкага евразиялык бизнес-миссияны жөнөтүүнү, анын жыйынтыгы менен ал жакта технологияны түзүү долбоорун сунуштаган. РФтин вице-премьери Алексей Оверчук ЕАЭБдин мындай миссиясы жакында уюштуруларын билдирген.
Россия менен Африка өлкөлөрү ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында террорчулук менен күрөшүү боюнча өз кызматташууну макулдашканын РФтин Буркина-Фасо, Мали жана Нигердеги мурдагы элчиси Евгений Корендясов айтып берген.
"Россия – Африка" саммитинде Путин эмне жөнүндө айтты? Урунттуу учурлар