БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык, орус тили расмий бойдон калууда.
Мыйзам Кыргызстандын жарандарына жана республикада жашаган чет элдиктерге тиешелүү. Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнүн укуктук негиздери белгиленген.
Ошондой эле анда кыргыз тилин билүүгө жана өз ишинде колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке мекемелердин кызматкерлери кирет.
Мындан тышкары, мыйзамда:
чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жазылары;
менчигинин формасына карабастан телерадиокомпаниялар өз берүүлөрүнүн 60% кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышы керектиги;
орус тили Кыргызстанда расмий тил катары пайдаланылары айтылат.
“Кыргызстан өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Ар бир жаран эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу”, — деп жазылган документте.