Кызматта калуу үчүн кыргыз тилинен тестти кантип тапшырууга болот? Жол-жобосу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2023
Жазылуу
Жаңы мыйзам күчүнө кирсе кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова кыргыз тестти тапшыруунун жол-жобосу тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам 31-майда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган документке президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Тагыраагы, кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн (беш деңгээлде бааланат: А1, А2, В1, B2, С1) тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.
"Тест беш бөлүмдөн турат, аны офлайн-режимде тапшыруу шарт. Жаран паспортун жана төлөмдүн чегин алып келет. Алгач жарым сааттык окутуу семинары болот. Гаджеттерди колдонууга тыюу салынат. Тест тапшырууга 2,5 саат убакыт берилет. Ар бири өзүнчө компьютерге отуруп, баары видеобайкоо аркылуу көзөмөлдөнөт", — деди Орозобекова.
Ошондой эле ал тесттин беш бөлүмүнөн тең кулап калса кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилбей турганын белгиледи. Эгер бир-эки пунктунан ката кетирсе, даярданып келип башынан тапшырууга 10 күндүк убакыт каралган.
Кыргыз тилин канчалык билгенин текшерүү Бишкектин Тазабек Саманчин көчөсү, 6а дарегинде жүргүзүлөт. Алдын ала (0312) 88-69-17 номери аркылуу канча кызматкер кайсы убакта барарын айтып, тактап алган дурус. "Кыргыз тест" эки смена менен — биринчиси 9:00дөн 12:00гө чейин, экинчиси 14:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Тест үчүн төлөм

Алуучу: "Кыргызтест " мамлекеттик мекемеси
Алуучу банк: Борбордук казыналык
Алуучунун коду: 14235400
Төлөмдү белгилөө: кызматтар үчүн төлөм, мамлекеттик тил боюнча тестирлөө
Банктык эсеби: 4402031102003679
БИК: 440001
Баасы — 450 сом
Кайра тапшыруунун баасы — 90 сом.
Кыргыз тесттин сайтындагы эки бөлүмдөн турган тесттен өтүп алгач өзүңүздү сынап көрсөңүз болот.

Кыргыз тилин B1 деңгээлинде билүү үчүн эмне кылыш керек?

кеминде 3000 сөз билүү;
сөз байлыгы кенен болуп, сабатуу жазып, оозеки сүйлөй алуу;
текстти окуп анда эмне камтылганын, маани-маңызын түшүнүү;
расмий жана расмий эмес стилде сүйлөшө билүү;
өз оюн жазуу түрүндө билдире алуу.
Мектептеги окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2023
Бүтүндөй өлкө кыргызча сүйлөшү үчүн эмне кылуу зарыл? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0