БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Аялдар кош бойлуу кезинде көп кыймылдаса өзү үчүн да, түйүлдүк үчүн да пайдалуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Билдирмеге ылайык, кош бойлуу аялдын кыймылы көп болсо преэклампсия, гестациялык гипертония, гестациялык диабетке кабылуу коркунучун азайтып, өтө көп салмак кошуунун алдын алат жана төрөттөн кийинки депрессиянын деңгээлин төмөндөтөт. Ошондой эле ымыркай төрөлүп жатканда жаракат алуу ыктымалдыгы, өлүү төрөлүү коркунучу азаят.
Борбордун адистери каршы көрсөтмөсү жок бардык кош бойлуу айымдарга жана төрөгөндөргө төмөнкүлөрдү сунуштады:
кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийинки мезгилде дене тарбия көнүгүүлөрүн такай жасоо зарыл;
ден соолукка пайда алып келүү үчүн орточо жана интенсивдүү кыймылдагы көнүгүүлөрдү жумасына жок дегенде 15 мүнөт жасоо керек;
жеңил кыймылдагы көнүгүүлөрдү, денени чоюп-керүүгө шарт түзгөн кыймыл-аракеттерди көп жасоо сунушталат;
кош бойлуулукка чейин интенсивдүү дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап, машыгып жүргөн айымдар төрөттөн кийин аны уланта алышат.
"Күн катуу ысыган учурда кош бойлуулар көнүгүүлөрдү аткаруудан оолак болгону оң. Машыгуудан мурун, андан кийин да активдүү кыймылда жүрүүгө аракет жасаңыз. Чалынып кетүү, кулап кетүү коркунучу бар кыймыл-аракеттерди жасабаш керек. Мындан тышкары, түйүлдүк үч айдан өткөндөн кийин жаткан абалдагы машыгууларды жасабаңыз. Кандайдыр бир терс белгилер байкалса дароо дарыгериңизге кайрылыңыз", — деп айтылат маалыматта.
Адистер төрөттөн кийин айымдарга кыймылды акырындык менен көбөйтүүгө жана татаалдаштырууга өтүүнү сунушташат. Эгерде кесарево жолу менен төрөгөн болсо, дарыгери менен кеңешкени туура. Аял ымыркай күтүп жаткан мезгилде такыр аз кыймылдаса жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана түрдүү себептерден улам ымыркайдын же эненин өлүмгө туш болуу коркунучу көбөйөрүн эскертишти.