Россия Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады

Электр тогу Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык системасы аркылуу транзит менен жеткирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын "Интер РАО" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги аталган ишканага таянуу менен менен жазды.
Электр тогу Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык системасы аркылуу транзит менен жеткирилет.
"15-апрелден тарта тарыхта биринчи ирет Россия Кыргызстанга электр энергиясын жөнөтө баштады. 2024-жылдын мартына чейин 900 миллион киловатт-саат экспорттоо пландалууда. Азыркы учурда жеткирүү саатына 400 мегаватты түзөт. Жеткирүүнүн көлөмүн аныктоочу негизги фактор Казакстандын Бирдиктүү энергосистемасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Эгер транзиттин көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралса, Россия тарап Кыргызстандын бардык дефицитин жаап берүүгө даяр. Учурда тартыштык 3 миллиард киловатт-саатка чейин жетет деген маалымат бар", — деп жазылат билдирүүдө.
"Интер РАО" — Россиядагы жана Европа, КМШдагы активдерди башкаруучу диверсификацияланган энергетикалык холдинг. Ошондой эле Россияда электр энергиясын экспорт-импорттоо менен алектенген жалгыз оператор.
Пресс-борбор
Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө