Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековБийик кабаттуу электр линиялары. Архив
Бийик кабаттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери КАГЭС-1 боюнча "жол картага" кол коюшкан.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Камбар-Ата-1 ГЭСи жалпы регион үчүн пайдалуу. Бул тууралуу эксперттер Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан менен Казакстан үчүн КАГЭСти ишке киргизүүдөгү перспективалар" аттуу видеокөпүрө учурунда билдиришти.
Катышуучуларга долбоор аймак үчүн эмне берери тууралуу суроо узатылды. Төмөндө жооптор тезис менен берилди.
"Электр станциялары" ААКнын (Кыргызстан) өнүктүрүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Ибрагим Алиев эмне деди:
Долбоор советтик кезден бери эле ойлонулуп келген. Объектини куруу өтө маанилүү;
Сезондук суу сактагыч курулуп жатат. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, Борбор Азия аймагы менен Казакстанга да керек. Эң башкысы, ирригациялык режим жакшырат. Бул нерсе келечекте ылдый жакта жайгашкан мамлекеттер үчүн сууну агызууга жол ачылат;
Электр энергиясына болгон керектөөнү канааттандырууга мүмкүнчүлүк берет;
Жумушчу орун түзүүгө жардам берет. Курулуш учурунда үч миң адам ишке тартылса, эксплуатацияга берилгенде 500 орун болот.
Энергетика тармагы боюнча эксперт, Казакстандын Энергетика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Абилдаевдин кебинен тезистер:
Гидроэлектр станциясы Кыргызстандын энергетикалык коопсуздук маселесин чечип бермек. Сезон учурунда суу тартышыгы жаралып импорттоого туура келип жатат;
Казакстандын түштүгүндө электр энергиясынын дефицити бар. Долбоор Казакстандын, керек болсо Өзбекстандын да энергетикалык коопсуздугун чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет;
Казакстанда декарбонизация саясаты бар жана бул логикага Кыргызстандан жашыл энергетиканы импорттоого төп келип жатат;
Анын маалыматына караганда, Казакстан бул долбоорго 300 миллион доллар бөлүшү керек. Бирок кандай шартта болору чечиле элек;
Ал бул долбоорду кош колдоп колдой турганын айтты.
Казакстандын электроэнергетикалык ассоциациясынын төрагасынын орун басары Рустамбек Спанов эмне деди:
КАГЭС электр энергиясы менен гана камсыздабастан, суу маселесин дагы чечет. Казакстандын түштүгүндө, дегеле Борбор Азияда суу маселеси өтө маанилүү. Аны кеңешип чечсек жакшы болот;
Энергетиканы ыкчам темп менен өнүктүрүү керек, ансыз өнүгүүгө мүмкүн эмес;
АЭС Казакстандагы электр энергиясынын дефицитин толук жаппайт. Ошондуктан башка булактар да керек.
Эске салсак, 6-январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери КАГЭС-1 боюнча "жол картага" кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каражат салууга ниеттенүүдө, ордуна электр энергиясын алышат.
Кыргызстан бийлигинин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болмокчу. Кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзүп, болжол менен жылына 5,6 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясын өндүрөт.
КАГЭС-1дин курулушуна даярдык 8-июнда башталып, Садыр Жапаров старт берген.
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Садыр Жапаров Кыргызстан качан Европага электр энергиясын сата турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0