Баткенге жаз келдиби? Алдыдагы аптага аба ырайы

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Баткен облусунда келе жаткан аптада аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 27-28-февралда жана 1-4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жалал-Абадда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот?