БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандагы социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-январда аларга Кадамжай районунун 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда А.Б. видеодо жарандык никеде жашаган Ш.М. аттуу аялы алардын ортодогу кызын сабап салганын билдирген.
Милиция тергөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталганын кабарлады:
А.Б. менен Ш.М. 2020-жылдын март айында чогуу жашай башташкан, бир жылдан кийин алар А.Х. аттуу кыздуу болушкан;
үстүбүздөгү жылдын январь айында жубайлар эки бөлөк жашай баштаган, ушундан улам Ш.М. кызын сабап, видеого тартып, бөбөктүн атасына жөнөткөн;
андан соң соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Аталган аялдын уюлдук телефону далил буюм катары алынган. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Баланы, алсыз адамды же күнөөлүү адамдан материалдык жактан көз каранды болгон кишини, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган жаранды кыйноо") боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.