Кыргызстанда быйыл 7 миллион көчөт отургузуу пландалууда

Узаган жылы 8,1 миллион көчөт отургузулуп, анын 70 пайызы көктөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Быйыл "Жашыл мурас" аттуу улуттук өнөктүктүн алкагында өлкө аймагына 7 миллион көчөт отургузулат. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Учурда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары бак-дарак отургузууну уюштуруу иштери менен алектенип жатканы белгиленди.
Ушул эле өнөктүк боюнча узаган жылы 6 миллион көчөт тигүү пландалган, бирок иш жүзүндө 8,1 миллион отургузулганы айтылды. Күзгү эсептин жыйынтыгы боюнча, ал бак-дарактардын 70 пайызы тамыр алып көгөргөн.
Өлкөдө картайган бак-дарактардын ордун толуктоо мезгили келди. Экологдун маеги