БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өмүрбек Бакировду кабинетинен чыгарууга ким жогору жактан буйрук берсе мыйзам алдында жазалансын. Бул туурасында депутат Сүйүн Өмүрзаков парламентте билдирди.
"Кыргызстан мыйзамдуу мамлекетпи? Эл өкүлүнүн кабинетине кирип, жеке буюмдарын алып чыгып койгону кандай? Күтө туруш керек эле да. Америкада иш сапарда жүрдүк. Өзбекстан, Азербайжандын эл өкүлдөрү бизди карап мыйыгынан күлүп жатышты. Бир-эки мыйзамды түшүнбөгөн адамдын айынан бардык өлкөлөргө уят болуп жатабыз. Булар тез арада жооп бериши керек, анан азыр кабинетине киргизели. Мыйзам иштеш керек да, оюна келгенди жасай беришеби. Ким "кабинеттен чыгар" деп жогору жактан буйрук берсе, ошол мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал кызматкер жөндөн-жөн эле кабинеттен чыгарган жок да", — деди Өмүрзаков.
Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев кабинеттен чыгаруу чечимине кол койгон Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси орун басары Элмира Үсөнованы бул окуядан кийин чакырып ким буйрук бергенин сураса айтпай койгонун билдирди.