Майлы-Сууда 275 млн. сомдук жер участогу мамлекетке кайтарылды

Текшерүү учурунда Майлы-Суу лампа заводуна мыйзамсыз негизде 30 460,0 чарчы метрлик жер аянты берилип кеткени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Майлы-Суу шаарынын прокуратурасы 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер участогун мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда 2010-жылы шаар мэриясынын токтому менен Майлы-Суу лампа заводуна мыйзамсыз негизде 30 460,0 чарчы метрлик жер аянты берилип кеткени аныкталган.
Мамлекетке жерди кайтаруу максатында шаар прокуратурасы сотко арыз менен кайрылып, натыйжада сот арызды канааттандырган.
Президенттин администрациясы жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун тартибин түшүндүрдү