00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему Кыргызстану понадобился Следком и чей пример взять за основу?
08:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
ЕАЭС и Монголия: что даст новое соглашение экономике КР
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл борбор калааны кооздого канча гүл отургузулат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президенттин администрациясы жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун тартибин түшүндүрдү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин четиндеги үйлөр. Архив
Бишкектин четиндеги үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жазылуу
Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-апрелине чейин жер тилкелери мыйзамдаштырыларын айткан. Бирок айыл чарба министри күзгө чейин убакыт керек экенин билдирген.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы Кыргызстандагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун тартиби боюнча маалымат берди.
Садыр Жапаров 2021-жылдын 22-ноябрында Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда бардык жарандарга 2022-жылдын 1-апрелине чейин жер участокторун мыйзамдаштырып, укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү боюнча тапшырма берген. Бирок июнь айында Айыл чарба министрлиги бул ишти күзүндө гана бүтүрүүгө мүмкүн экенин кабарлаган.

“Бир нече жыл аралыгында топтолгон көйгөйдү чечүүгө убакыт талап кылынууда. Учурда бул маселени чечүүгө керектүү укуктук ченемдик актылар кабыл алынганын эске алуу менен жарандарды сабырдуулукка чакырабыз”, — деди администрациядан.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалы курулуп калган 142 337 жер тилкеси аныкталды. Учурда 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. Жогорку Кеңеш “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” мыйзамды 2022-жылдын 17-мартында кабыл алып, 5-апрелде күчүнѳ кирген. Документке ылайык, болжол менен 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” жобону бекиткен.
Учурда шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда атайын комиссиялар түзүлүп, аталган жерлерди дагы бир ирет тактоо жумуштары жүрүп жатат. Жобого ылайык, жарандар райондук, шаардык комиссияга керектүү документтерин тапшырып кайрылгандан кийин комиссия 30 күн ичинде алардын тизмесин топтойт. Документ топтолгондон бир ай өткөндөн кийин менчик ээсин тактоо максатында 30 күнгѳ чейинки убакытта коомдук билдирүүгѳ чыгарат жана атайын такталарда документ берген жарандардын тизмесин илет. Эгер ушул аралыкта комиссияга сунуш-пикирлер түшпөсө, комиссия отурум өткөрүп, жогоруда белгиленген тизмеде бекитет жана айыл өкмөттөргө, мэрияга жиберет. Айыл өкмөттөр жана шаар мэриялары бекитилген тизмедеги жарандарга чечим чыгарып, жергиликтүү каттоо кызматына жөнөтөт. Андан соң жарандар барып, жергиликтүү каттоо кызматынан тиешелүү документин ала алышат. Бул норма азыр иштеп баштады.
Ошондой эле тиешелүү министрлик тарабынан учурда атайын топ түзүлүп, жериндеги адистерди, комиссия мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө.
Белгилей кетчү жагдай, бул мыйзамга ылайык санитардык нормаларга туура келбеген, газ түтүктөрү өткөн, таштанды полигондор менен мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер жөнгө салынбайт.
Жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Маалымат борбор
Кызыл китеп бериле элек. Министрлик жер тилкеси качан мыйзамдаштырыларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0