Психолог: ызы-чуусу көп коңшулар ден соолукка залакасын тийгизиши мүмкүн

Психологиялык абалын бир калыпта кармайм деген киши күнүнө жок дегенде бир саат унчукпай, тынчтыкта отурушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. —Sputnik. Ашыкча ызы-чуусу көп кошуналар депрессияга жана паникага алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу психолог Ксения Левинага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Психологиялык абалын бир калыпта кармайм деген киши күнүнө жок дегенде бир саат унчукпай, ызы-чуусу жок отурушу керек. Бул нерсе адамдын жалпы акыбалына, өзгөчө уйкусуна жакшы таасир этет", — деди Левина.
70 децибелден ашып (чаң соргучтун үнүндөй), бат-баттан кайталанып турган чуу депрессия, невроз же паника сыяктуу психологиялык ооруларды козгойт. Ал эми бул илдеттер иммунитетти түшүрүп, бара-бара аутоиммундук жана онкологиялык оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.
Андыктан адистер чуусу көп жайлардан же тынчтык бербеген коңшулардан оолагыраак болууну сунуштайт.
Коронавирус менен ооругандар уйкуну кантип жөнгө салса болот? Адистин кеңеши