Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев иштен кетип, ордуна башка келди

Кыргызстандын коргоо министри президенттин жарлыгы менен алмашты. Маалыматка караганда, Өмүралиев башка кызматка кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим Өмүралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Коргоо министрлигин Бактыбек Бекболотов жетектемей болду.