Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — өмүр баяны

© SputnikӨмүралиев Таалайбек Барыктабасович
Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Таалайбек Өмүралиев 1965-жылы 2-майда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган.
Билими:
  • 1982-1986 — Маршал Конев атындагы Алматы жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайында окуган;
  • 2000 — РФ Куралдуу күчтөрүнүн Фрунзе атындагы жалпы аскер академиясын аяктаган;
  • 2009 — РФ Башкы штабынын аскер академиясын бүткөн.
Эмгек жолу:
  • 1987-1988 — Забайкалье аскер округунда (Россия) мотоаткычтар взводунун командири катары Афганистандагы совет аскерлеринин чектелген контингентине кирген;
  • 1988-1989 — Забайкалье аскер округунда (Россия) пулемёттук взводунун командири;
  • 1989-1993 — Забайкалье аскер округунда (Россия) пулемёттук ротанын командири;
  • 1993-1994 — Кой-Таш айылындагы мотоаткычтар дивизиясында батальондун командири;
    Тажикстандагы жарандык согуш учурунда тажик-афган чек арасын кайтаруу боюнча КР Куралдуу күчтөрүнүн батальонунун командирлеринин бири;
  • 1994-1997 — КР Коргоо министрлигинин атайын дисциплинардык батальонунун командири;
  • 1999 — КРдин түштүк аймагына кирип келген Ислам кыймылынын согушкерлерин жок кылууга катышкан;
  • 2000 — Ош шаарындагы тоодогу мотоаткычтар бригадасынын командиринин орун басары. Ошол эле жылы Баткендеги Исфана шаарынын чек ара бөлүгүнүн командири болуп дайындалган;
  • 2002-2003 — Ош чек ара отрядынын командири;
  • 2003–2004 — КР Коргоо министрлигинин "Скорпион" бригадасынын командири;
  • 2004 — штаб начальниги — аскерлердин Түштүк группировкасынын башчысынын орун басары;
  • 2005-2006 — КР Куралдуу күчтөрүнүн Бишкектеги жогорку аскер окуу жайынын жетекчисинин орун басары;
  • 2006-2007 — КР Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдык башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2007–2008 — Бишкектеги жогорку аскер окуу жайынын жетекчисинин окуу жана илимий иштер боюнча орун басары;
  • 2009 — КР коргоо министринин орун басары;
  • 2010-2011 — КР куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги — КР коргоо министринин биринчи орун басары;
  • 2011-2014 — КР коргоо министри;
  • 2020-жылдын 9-октябрынан тарта КР куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги;
  • 2021-жылдын 6-сентябры — КР коргоо министри кызматынан бошотулду.
Аскердик наамы — генерал-майор.
Жаңылыктар түрмөгү
0