Шайлоодон кийин бюллетендер кантип саналууда. Сүрөттөр

Sputnik

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 96 пайызы иштелип чыккандан кийин электрондук эсептөөчү урналардын жыйынтыгын жарыялады.

Парламенттен орун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышты. Шарт боюнча жалпы шайлоочулардын жети пайыз добушун жана ар бир облус менен Бишкек, Ош шаарларынан 0,7 пайыз алган партиялар Жогорку Кеңешке өтөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жети пайыздык босогодон төрт партия өттү : "Биримдик" — 24,45 пайыз, "Мекеним Кыргызстан" — 23,95, "Бүтүн Кыргызстан" — 7,09, "Кыргызстан" — 8,76 пайыз.

1 / 10
Кыргызстанда 4-октябрь күнү парламенттик шайлоо өттү
2 / 10
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылды
3 / 10
Бюллетендер урналардан чыгарылгандан кийин БШКга өткөрүп берилди
4 / 10
Ар бир урнадагы добуштарды саноо процесси
5 / 10
Электрондук урналар маалыматтарды онлайн эсептегенден сырткары, шайлоонун жыйынтыгынын кагаз версиясын дагы чыгарып берет
6 / 10
Шайлоо бүткөндөн кийин урналар ачылып, бюллетендер байкоочулардын көзүнчө колго саналат
7 / 10
Парламенттеги орун үчүн 16 саясий партия катышты. Жогорку Кеңешке 7 пайыздык босогодон өткөндөр келет
8 / 10
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир партияга 65тен ашык орун берилбейт (жалпы 120 орун)
9 / 10
Алдын ала маалыматтар боюнча, жети пайыздык босогодон төрт партия — "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан" өттү
10 / 10
БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын бардык шайлоо участкаларындагы маалыматтарды алгандан кийин жарыялайт