Министрлик: "Семетейде" нааразы болгондордун 421инин анализи таза чыкты

Эксперттик комиссиянын айтканын күтпөй, Соль-Илецкиден келип, обсервацияда жаткандардын бир тобу сабырсыздыгын көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында жатып чуу чыгарган кыргызстандыктардын ичинен 421 кишинин анализи таза чыкты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"7-майда аталган обсерваторияга жайгаштырылган. Алардан 18-майда кошумча анализ алынып, оору чыкпай, үй карантинге жиберилген. Акыркы жыйынтык боюнча, 541 кыргызстандыктын ичинен 421 адамдын ПЦР-анализи таза чыкты", —  деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, бүгүн "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган

"Эксперттик комиссиянын айтканын күтпөй, ал жерде жайгашкандар сабырсыздыгын көрсөткөн. Алар менен бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугуп, үй карантиндин талаптарын айтып берди", —  деп билдиришти министрликтен.

Экинчи ирет алынган анализдин жыйынтыгы менен 19 жаран обсервацияда калтырылган. Себеби алар буга чейин COVID-19 аныкталган 43 киши менен байланышта болгон.

Эске сала кетсек, Соль-Илецкиден келген 541 кишинин арасынан 101и стационарга жаткырылган. 58 киши республикалык жугуштуу оорулар клиникасына, 43ү Фтизиатрия улуттук борборуна жайгаштырылган.

Обсервацияга жатпай, үйүнө кетишти. "Гансидеги" жаңжалдын видео хронологиясы
Алардын арасында бир үй-бүлөдөн (энеси, атасы жана баласы) коронавирус чыгып, эне-бала да республикалык клиникалык ооруканага жеткирилген.

Учурда обсервацияда абал туруктуу, медиктер кадимки тартипте иштеп жатат. Бүгүн, эртең өкмөт нааразылык билдирген жарандардын айтканын орундатып, атайын транспорт менен жашай турчу жерлерине жеткирмей болду.

Буга чейин да Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан бир нече күн мурда койгон талаптарга баш ийбей, обсервациянын тартиптерин бузуп, жаман сөздөрдү айтып, медиктерди жөөлөп, туура эмес жагдайлар катталганын айткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапты.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.