БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушу тапта Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашты.
Ал коронавирус жуктуруп алганы боюнча маалыматты четке какты. Эскерте кетсек, ЖМКлар кармалып турган лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги маалыматтын туура эмес экенин айткан. Кеме 5-февралдан бери карантинде. Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 700 адам бар, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 450гө жеткени айтылат.
Мекендеш аты-жөнүн ачыктоодон баш тартты.
Кыргызстандыктын айтымында, анын бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон. Ал эми вирус тууралуу алгач укканда эч ким паникага алдырган эмес.
"Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды", — деп айтып берди кыргызстандык жаран.
Мекендеш жумуштун басымдуу бөлүгү официанттарга туура келгенин белгиледи. Анын айтымында, жүргүнчүлөр менен официанттар гана сүйлөшө алган. Алардын кимиси вирус жуктуруп алганы белгисиз эле.
Мекендештин айтымында, аны кимдир бирөө издейт деп деле ойлогон эмес.
"Мени Кыргызстандын консулдугу издейт деп ойлобоптурмун, бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Баарынын эле элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө", — деди ал.
Кыргызстандык жигит карантиндин мөөнөтү 29-февралда аяктай турганын, эмгек жамааттын бир бөлүгүн, арасында биздин мекендеш да бар, коё бериши керектигин маалымдады.