Эрдогандын жарылып кетме мүнөзүнүн пайдасын ким көрөт? Саресеп

Режеп Тайип Эрдогандын алып учмалыгы менен жасаган кадамдарынын арты кандай болоруна россиялык баяндамачы Ирина Алкснис көз жүгүртүп көрдү.
Sputnik

Түркия президенти дүйнөгө дагы бир ирет ачуусу чукул, жарылып кетме мүнөзүн көрсөтүп өттү. Дүйшөмбү күнү Украинага жасалган сапарынын алдында Түркия "Крымдын башка өлкөгө мажбурлап кошулушун" тааныбай турганын жар салды. Ал эми Киевде ардак кароол менен "Украинага даңк" деп учурашты.

Украинадай союздашы бар Россияга душмандын кереги жокпу? Ой толгоо
Эрдогандын бул кадамдарынын артында Москванын кыжырын келтирүү аракети жатат. Буга Сириянын Идлибиндеги кырдаал себеп экени айкын болуп калды. Акыркы күндөрү Эрдоган Россияны макулдашууну бузду, билип туруп мыйзамдын бузулушуна жол берген деп айыптоого үлгүрдү. Түрк лидери сөз тандап сүйлөгөндү билбейт эмеспи, айтор, Россияга "жолубуздан кесип өтчү болбогула" деп эскертүү бергендей эле болду.

Анкаранын мындай кескин сөздөрүнө Кремль жайбаракат жооп берди. Мунун фонунда түрк тараптын эмоционалдуулугу алсыздык, кырдаалды жөнгө салууга жөндөмү жок катары кабылданып калды окшойт.

Эскерте кетсек, Идлиб — Түркия менен чектешкен Сириянын түндүк-батышындагы аймак. Ал өкмөткө каршы күчтөрдүн көзөмөлүндө, арасында "Жебхат ан-Нусра" террордук тобу бар.

Башкысы — бул аймакка Түркиянын кызыгуусу күч, мындан улам ал жакта өлкөгө таандык куралдуу топтор, керек болсо аскери жүрөт. Дал ушундан улам Идлибдеги абал аймакта согуштук аракеттерди токтотууга чакырган эл аралык макулдашуулардын өзөгү болуп келген.

Бирок Сирия армиясы аталган жердеги террорчуларга каршы күрөшүү укугун сактап калды. Декабрда өкмөттүк армиянын жүргүзгөн операциясынын экинчи этабы башталганы маалым. Ушу тапта Саракиб шаары үчүн күрөш жүрүп жатат. Ал эми Түркиянын ачуулуу реакциясынан улам аймактагы маселе Сириянын пайдасына чечилип жаткандай.

Киргизиле элек өзгөртүүлөр үчүн сындалып... Москва ПАСЕдеги ордун сактап калды
Кырдаал Идлибге абадан жасалган соккудан Түркиянын сегиз жараны каза тапкандан кийин курчуп кетти. Көз жумгандардын арасында беш аскер адамы бар эле. Дагы тогуз аскер жарадар болгон. Эрдогандын айтымында, жооп иретинде жасалган соккудан сириялык 76 жоокер "жок кылынган".

Эксперттер да, абалга көз салып турган байкоочулар да Эрдогандын курч сөздөрү Түркия менен Россиянын мамилесине доо кетирбейт деп эсептейт. Президент өзү деле бул тууралуу жакшы билет.

Сириядагы абал башын бириктирген державалардын кызыкчылыгы ар башка экени эч кимге деле жашыруун эмес. Ортодогу макулдашууларды ар ким өзүнө пайда алып келгидей кабылдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да өз пайдасы үчүн колдонуп келет. Мисалы, Идлибде түркиялык аскерлердин жүрүшү — учурдагы макулдашуунун бузулушу. Сирия ТИМи муну көзгө сайып көрсөттү.

Ошол эле учурда Түркия менен Россиянын ортосунда "Түрк агымы" менен С-400 системасы сыяктуу орчундуу темалар бар. Мындай олуттуу алаканы Сириянын айланасындагы абал буза коёру күмөн.

Ушул мисалдардан Россиянын туруктуулукту сактоо боюнча тышкы саясаттагы стратегиясы кандай иштерин көрүүгө болот. Мында эң маанилүү элемент — өз ара пайдалуу жана өз ара байланышкан принципте иштөөчү ар кыл долбоорлордун түйүнүн иштеп чыгуу. Бул мамиледеги чыңалууну азайтып, керек болсо аны кызматташуунун башка тармагына оодарып ийип, жаралган пикир келишпестиктерди эки-жакты карабай ошол көйгөйдүн алкагында гана чечүүгө мажбурлайт.

АКШнын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне? Помпеонун сапары тууралуу
Эрдоган Украина темасын Москва үчүн талуу маселе деген ой менен тандап алды. Кайсы бир ток-шоуларда гана талкууланбаса, мамлекеттик система жана тышкы саясат үчүн Түркия лидеринин Киевге болгон "сүйүүсү" таптакыр кызыксыз. Башка, таасирдүүрөөк жагдайларды колдонуп басым жасоодон түрктөр өздөрү оңбой калышы мүмкүн.

Мындан улам Түркия лидери дагы бир ирет эмоционалдуулугун, шашмалыгын, жарылма мүнөзүн көрсөтүп койду. Бул мындай деңгээлдеги мамлекеттик ишмер үчүн алсыздык болуп саналат.

Учурдагы кырдаалды жана Россия-Түркия мамилесин эске алганда анкаралык өнөктөштүн мындай өзгөчөлүгүнө Москва былк этип койбойт шекилдүү.