Конфликт литвалык депутат Зингерис Эманиэлистин сөзүнөн кийин башталды. Жыйын ачылары менен ал улуттук делегациялардын ишин кайра карап чыгып, Россиянын ыйгарым укуктарын чектөөнү сунуштап ийди. Анын айтымында, Россия бийлиги Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АКЕС) чечимдерин аткарбайт имиш.
Украина делегациясы четте калган жок. Киевге Россиядагы конституциялык реформа тынчтык бербей жатыптыр. "Европейская солидарность" партиясынын депутаты Алексей Гончаренко Владимир Путиндин эл аралык укук маселесинде россиялык мыйзамдарга артыкчылык берүү сунушун кооптуулук катары кабылдаган. Анын айтымында, эгер бул өзгөртүү негизги мыйзамга кире турган болсо, Москва АКЕСтин болгон-бүткөн чечимдерин аткаруудан баш тартып коет.
Балтика мамлекеттеринин нааразычылыгы акыркы чечим чыгарчу мониторинг комиссиясына жөнөтүлдү. ПАСЕ төрайымы Мори Паскье делегациялардын баарынын укугу узартылбай турганын эскертип, "алдын ала божомол айтууга мүмкүн болбой турган жыйын" экенин кыстара кетти.
Себепсиз айтылган сын
Россиялык делегациянын жетекчиси Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой эгер РФке карата кандайдыр бир чектөөлөр киргизиле турган болсо, кышкы сессияга катышпай турганын билдирди. "Акыл-эстүү көпчүлүк мындай кадамга барбайт болуш керек", — деди ал.
Толстойдун айтымында, Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр АКЕСтин чечимдерин аткарууга жолтоо болот деген божомол орунсуз.
"Россияны киргизиле элек өзгөртүүлөр үчүн сынга алуунун өзү кызык болуп турат", — деди делегациянын жетекчиси.
Мындай көз караш менен акыры ПАСЕнин мониторинг комиссиясы да макул болду. Эртеси Литва менен Латвиянын нааразычылыгына карабай Россиянын ыйгарым укуктары толугу менен бекитилди. Мындан тышкары, көпчүлүктүн добушу менен Толстой ПАСЕнин вице-спикери болуп шайланды.
Россиянын мүчөлүк акысынан кур калуу коркунучу
Белгилей кетсек, ПАСЕнин күзгү сессиясына да РФ делегациясы толук курамда катышкан. Андагы жыйын Европа кеңешинин 70 жылдык мааракесине туш келген эле. Бирок майрамдык маанайды Россиянын добуш берүү укугунун кайтарылышына нааразы болгон Украина, Литва, Эстония жана Грузия делегаттарынын демаршы бузуп койгон. Аталган мамлекеттердин биргеликте жасаган билдирүүсү эске алынган, бирок ал Москванын укугуна таасир эткен эмес. Каршылык катары Украина ПАСЕнин ал сессиясына катышуудан баш тарткан.
Уюм чечимди өзгөртпөгөнүнүн дагы бир себеби бар. Июлда Россия Европа кеңешине 2019-жылдагы жана андан мурунку эки жыл үчүн мүчөлүк акысын төгүп берди. Ал аралыкта Россия жыйындарга катышкан деле эмес. Каражат тартыштыгынан кыйналып турган уюм үчүн бул өтө маанилүү салым болгон.
Уставдык эреже бузуулар
"ПАСЕнин Россияга болгон нааразычылыгы дайыма саясий өңүттө. жаңыдан гана талкуулана баштаган Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр ПАСЕнин тынчын алып жатканы кызык болду. Европа кеңешине мүчө болгон бир катар мамлекеттердин Конституциясында улуттук мыйзамдын артыкчылыгы баса белгиленген. Мисалы, Германияда Адам укугу боюнча европалык конвенцияга байланышкан мыйзам федералдык деген макамга ээ. Башкача айтканда, Конституция Берлиндин документ алдындагы милдеттемесинен жогору турат", — деди Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Константин Косачев.
Анын айтымында, делегациялардын басымдуу бөлүгү талкууланып жаткан маселелерди акыр-аягына чейин түшүнбөстөн инерция менен добуш берип коет. Бул ПАСЕнин ишиндеги бирден бир кемчилик.