БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов УКМКга саат 14:00дө сурак берүү үчүн барды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал күбө катары чакырылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер жана башка адамдар суракка чакырылмак. Алардын арасында иликтөөнү жасаган журналист Али Токтакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары — Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү — Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев бар.
Буга чейин бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов да сурак берген.
25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.