Сулайманов Алтынбек Турдубаевич — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСулайманов Алтынбек Турдубаевич
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин эмгек жолу жана өмүр баяны туурасында Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз.
1972-жылы 24-сентябрда Ош областынын Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган.
Билими — жогорку, М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек Жолу. Алтынбек Сулайманов эмгек жолун 1989-жылы Ноокат районундагы "Ленинизм" колхозунун жумушчусу болуп баштаган.
1990-1992-жылдары Советтик Аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.
1992-жылдан 1997-жылга чейин Ноокат районундагы "Шанкол" колхозунун жумушчусу болуп эмгектенген.
1997-жылы 2 жыл аралыгында "Монолит-Ош" ишканасынын филиалынын инспектору катары иштеген.
1999-жылдан 2001-жылга чейин "Алтын Темир" корпорациясынын директорунун орун басары кызматын ээлеген.
2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын Ош областы боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору, ал эми 2001-2007-жылдары "Темир" мамлекеттик ишканасынын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген.
2007-жылдан баштап 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төртүнчү чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.
2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын жетекчиси жана Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2015-2021 — "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
А.Сулайманов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасынын ээси.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0