БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев кадрларды алмаштырганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Эми ЖАМК башчысынын орун басарлыгын Мырзабек Адылбековдун ордуна №1 тергөө абакты жетектеп келген Аскат Эгембердиев аркаламай болду.
Ал эми түзөтүү колонияларында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болду:
№53 тергөө абагынын жетекчиси №8 колонияга которулду;
№23 колониянын жетекчиси болуп Түлөбай Эргешов дайындалды. Ал буга чейин №21 түзөтүү абагынын жетекчисинин орун басары болчу;
Сансызбай Хасенов №8 колониянын жетекчилигинен №53 мекемеге которулду;
Ал эми Талант Каниметов №45 түзөтүү колониясынын башчысы болгону айтылды.
Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев ушул жылдын февралында ЖАМК жетекчиси болуп дайындалып, бир катар кадрларды алмаштырган.