Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарына барды

Сапардын алкагында өкмөт башчы Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын ачылышына катышат. Андан сырткары, дагы бир катар иш-чаралар белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына барды
2 / 2
Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы.

Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы.

ЖККУга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт
Атап айтканда, Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалар талкууланып, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат. Ошондой эле 2017-2018-жылдардагы ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Мындан тышкары, иш сапар алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын ачылышына катышат.

Буга катар премьер-министр Белорус жогорку технологиялар паркына, "Беларусь ГС1" Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, "Великий камень" индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Премьер-министрди онго жакын аткаминер коштоп кетти. Арасында депутаттар дагы бар.