БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Альпинист Войцех Ябчинский Польшадагы эң бийик делген Рысы тоосуна чыгып, ал жерден кадимки эле мышыкты көрүп, видеого тартып алган.
Видеодон бийик чокуга чыгып алган мышык жаланып бүтүп, андан соң айлана тегерекке көз салып отургандыгын көрүүгө болот.
Daily Mail басылмасына берген маегинде альпинист 2500 метрлик бийиктикке чыгып, өзүнө-өзү ыраазы болуп турганда, андан да жогорураак жакта отурган мышыкты көргөндүгүн айтып берген. Анын "атаандашына" сыр берип, сыйлайын деген аракети майнапсыз болгон. Жаныбар коңшусунун сунган тамагын карап да койгон эмес.
Войцех Ябчинский бул үй жаныбары словакиялык туристтер менен кошо келген болуу керек деген божомолун айткан. Себеби, аталган тоо Польша менен Словакиянын чегинде тургандыктан, тоонун аркы бетинде да туристтик үйлөр жайгашкан.
Туристтин видеосу интернет колдонуучулар арасында ар кыл божомолдорду жараткан. Бири катарлары мышыкта илбирстин айбаты бар десе, бир даары тоолуу шартта бул жаныбар жашайт албайт дешкен.