Кара-Көл шаарына цемент заводун куруу пландалууда, бирок УКМК буга каршы

Завод курулчу жерди жеке компанияга 49 жылга ижарага берүү сунушталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Юстиция министрлиги 49,3 гектар жерди айыл чарба багытынан өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багытта колдонууга уруксат бүрүүчү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Жер Жалал-абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Жазы-Кечүү айылында жайгашкан. Бөлүнө турган аймакка "Шамшыкал-ата компани" жоопкерчилиги чектелген коому цемент чыгаруучу завод ачууну пландоодо. Токтом долбоорунда ал аянтты жеке компанияга 49 жыл мөөнөткө ижарага берүү сунушталууда.

Аталган министрлик Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги мамлекеттик экспертизанын тийиштүү жыйынтыгын чыгарып бергендигин белгилөөдө. Бирок бул маселени макулдашууда УКМК тарабынан сындар айтылган.

"Цемент заводун куруу үчүн суу тазалоочу системаны салуу зарыл. Анткени ал жакта иштетилген суулар Токтогул суу сактагычына түшүү коркунучу бар. УКМК суу сактаган аймактар менен гидро объектилер жөнүндө жобого шилтеме кылууда. Анда өндүрүш ишканаларын куруу жана реконструкцияга тыюу салынган", — деп жазылат негиздемеде.

Беш ТЭЦке жетмек! 13 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө канча сом кеткен
Мындан сырткары, мамлекеттик комитет завод үчүн беш карьерде казуу иштери жүргүзүлүп, андагы бургулоо иштеринин натыйжасында аба чаңдай турганын эскерткен. Анын аркасында Кара-Көл шаарынын аймагында кезектеги нааразычылыктар жаралышы мүмкүн экендиги айтылган.

Буга байланыштуу Юстиция министрлиги УКМК берген сунуштарды эске алып, кайра карап чыгуу үчүн токтом долбоорун Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине жиберди.

Ошондой эле өкмөттүн ал токтом долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик жана коррупциялык иш-аракеттерге жол бербей тургандыгын министрликтен кошумчалашты.