Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мекке шаарына сапар алды

Хадж кыргызстанцев в Мекку
Эми күн сайын Мекке шаарына 300 зыяратчы сапар тартып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен 300 киши Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгып, аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тосуп алат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эми күн сайын Мекке шаарына 300 зыяратчы сапар тартып турат.

Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен.