Эми күн сайын Мекке шаарына 300 зыяратчы сапар тартып турат.
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен 300 киши Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен.
"Болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгып, аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тосуп алат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эми күн сайын Мекке шаарына 300 зыяратчы сапар тартып турат.
Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен.