Бишкектин "Арча-Бешигинде" мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылды

Каза болгон келиндин аты-жөнү такталды
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Арча-Бешик" жаңы конушунда 5-апрелде түнкү саат үчтөр чамасында үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганын Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

"Окуя тууралуу 102 кызматына билдирүү саат 03:20да түшкөн. Ал жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыкты. Келиндин денесинен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн тактар табылган", — деди Оморов.

Укук коргоо органдары маркум 30 жаштагы О.Г. аттуу аял экенин тактап, сөөк өлүкканага экспертиза үчүн жөнөтүлдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, шектүү адам бар экени айтылууда.