Аялды өлтүрүп, сөөгүн таш менен бастырып койгон. Кылмышка шектүү киши кармалды

Маркум Талас облусунун 26 жаштагы тургуну экени белгилүү болду
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Сокулукта киши колдуу болгон аялдын өлүмүнүн бети ачылганын Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, "Ак-Ордо-2" жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн келиндин сөөгү 24-март күнү табылган.

Жашы 25-30дар чамасындагы аялдын ким экенин аныктоо үчүн милиция элден жардам сураган болчу.

Токмокто адам өлүмүнө себепкер болгон прокурордун экс-жардамчысы жазаланабы
Бир нече күндөн кийин маркумдун тек-жайы аныкталып, ал Талас облусунун 26 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Ошого удаа эле кылмышка шектүү делип жаңы конуштардын биринин 25 жаштагы тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аял былтыркы жылдын декабрь айынын башында өлтүрүлгөн. Шектүү экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетип, жыйынтыгында келин киши колдуу болгон. Кылмыштын изин жашырууну көздөгөн шектелүүчү сөөктү жаңы конуш жакка алып барып, таш менен көөмп салганы айтылды.

Милициядан кабарлашкандай, шектелүүчү таксист болуп иштеген. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.