Кыргызстанда эң көп бузулган жол эрежелери

Былтыр жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бир саатта 81 эреже бузууну каттаган
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктардын көбү коопсуздук курун тагынышпайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

11 айдын ичинде жалпысынан 710 миң 319 жол эрежеси бузулган. Башкача айтканда инспекторлор саатына 81 эреже бузууну аныкташкан.

Айып короого 30 583 машина токтотулган.