Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
11-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Шейшемби, 11-декабрь күнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө +2…+7 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +4…+9, Ысык-Көл облусунда +1…+6, Нарын аймагында —3…-8 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Ош шаарында +7…+9, Бишкекте +2…+7 градуска жетээри күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0