Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТалаада бараткан дыйкан. Архив
Талаада бараткан дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жума күнү Ысык-Көл, Нарын облустарында күн бүркөлүп, калган аймактарда ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 35 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 31…36 градус, Ысык-Көл, Нарында 25…30 градус ысык болот.

Ордолуу Ош шаары менен Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 34 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0