https://sputnik.kg/20261128/chette-sottolgon-kyrgyzstandykty-alyp-keluu-tartibin-ozgortuu-tuuraluu-1105176565.html
Чет жакта соттолгон кыргызстандыкты өлкөгө берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда
Чет жакта соттолгон кыргызстандыкты өлкөгө берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында... 28.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-28T19:19+0600
2026-11-28T19:19+0600
2026-11-28T19:19+0600
кыргызстан
башкы прокуратура
жаза
мыйзам долбоору
өзгөртүү
https://sputnik.kg/img/103605/39/1036053985_488:0:3936:1940_1920x0_80_0_0_07dcfbcf937915d506fc31651b47b6b7.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында коомдук талкууга илинген долбоордо айтылат. Ага ылайык, Жогорку сот башка мамлекеттин соту белгилеген жаза мөөнөтүн Кыргызстандагы мыйзамдарда ушул кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазадан ашпаса да, өзгөртпөй калтыра алат. Учурда чет өлкөдө соттолгон жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилгенде, сот жаза мөөнөтүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кайра карайт. Эгер чет мамлекетте белгиленген жаза Кыргызстандагы эң жогорку мөөнөттөн көп болсо, кыскартылат. Ал эми башка мамлекеттин соту белгилеген жаза Кыргызстандагы мыйзамда каралган эң төмөнкү мөөнөттөн аз болсо, мындай жагдай азыркы мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Жаңы жобо чет мамлекет жаранды өткөрүп берүү үчүн башка өлкөнүн Фемида өкүлдөрү белгилеген жаза мөөнөтүн сактоону шарт катары койгон учурларда колдонулат.
https://sputnik.kg/20261123/184-kyrgyzstandyk-chet-zhaktan-karmaldy-1105059506.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103605/39/1036053985_437:0:3936:2624_1920x0_80_0_0_e8a87b53d2b8b5f78956b6aa9fdb2995.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, башкы прокуратура, жаза, мыйзам долбоору, өзгөртүү
кыргызстан, башкы прокуратура, жаза, мыйзам долбоору, өзгөртүү
Чет жакта соттолгон кыргызстандыкты өлкөгө берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды мекенине өткөрүп берүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады. Бул туурасында коомдук талкууга илинген долбоордо айтылат.
Ага ылайык, Жогорку сот башка мамлекеттин соту белгилеген жаза мөөнөтүн Кыргызстандагы мыйзамдарда ушул кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазадан ашпаса да, өзгөртпөй калтыра алат.
Учурда чет өлкөдө соттолгон жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилгенде, сот жаза мөөнөтүн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кайра карайт. Эгер чет мамлекетте белгиленген жаза Кыргызстандагы эң жогорку мөөнөттөн көп болсо, кыскартылат. Ал эми башка мамлекеттин соту белгилеген жаза Кыргызстандагы мыйзамда каралган эң төмөнкү мөөнөттөн аз болсо, мындай жагдай азыркы мыйзамдарда жөнгө салынган эмес.
Жаңы жобо чет мамлекет жаранды өткөрүп берүү үчүн башка өлкөнүн Фемида өкүлдөрү белгилеген жаза мөөнөтүн сактоону шарт катары койгон учурларда колдонулат.