Ажылыктын баасы 1000 доллардан ашык көтөрүлдү. Себеби

© Фото / пресс-служба ДУМК
Жазылуу
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. 2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага көтөрүлүп, 5800 доллар деп бекитилди. Бул туурасында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

1/4
© Фото / пресс-служба ДУМК
2027-жылдагы ажылыктын наркы миң доллардан ашык акчага көтөрүлүп, 5800 доллар деп бекитилди.

2/4
© Фото / пресс-служба ДУМК
Баа зыяратчыларды жайгаштырууга байланыштуу маселелерден улам көтөрүлгөнүн түшүндүрүштү.

3/4
© Фото / пресс-служба ДУМК
Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды.

4/4
© Фото / пресс-служба ДУМК
Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган.

"Буга чейин Меккедеги фонддор мейманканаларды акысыз берчү. Бирок быйыл ал жайларга жайгашуу мүмкүн болбой калды. Себеби, сөз болуп жаткан мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринен орун алган. Мындай шартта бирдей тейлөө, кызмат кылуу, зарыл болуп калганда жардам берүү жана уюштуруу иштери бир топ кыйын болуп келген. Ал жайлардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен", — деп маалыматта айтылат.
Мындан улам зыяратчыларды акы төлөнгөн мейманкаларга жаткырууну чечишкен. Белгилей кетсек, былтыр ажылыктын акчасы 4650 доллар болчу.