https://sputnik.kg/20261124/britaniya-ukrainaga-zhasalma-zhardyrgychtardy-alyp-zhurgon--1105087098.html
Британия Украина үчүн америкалык жасалма жардыргычтарды жылдап алып жүргөн
Британия Украина үчүн америкалык жасалма жардыргычтарды жылдап алып жүргөн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Улуу Британия Украинага берүү үчүн АКШда чыгарылган жасалма жардыргыч заттарды тонналап сатып алган. Бул тууралуу Financial Times... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T14:51+0600
2026-11-24T14:51+0600
2026-11-24T15:14+0600
дүйнөдө
акш
украина
улуу британия
жасалма
басылма
иликтөө
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/04/1097612313_0:256:2731:1792_1920x0_80_0_0_94889c28fb154e074d9f1df8aaec298b.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Улуу Британия Украинага берүү үчүн АКШда чыгарылган жасалма жардыргыч заттарды тонналап сатып алган. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өзүнүн журналисттик иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып макала жарыялады. Басылманын жазганына караганда, америкалык соодагер Райан Моррис өзүнүн Tripwire South LLC компаниясы аркылуу Улуу Британиянын Коргоо министрлигине жүздөгөн тонна атайын зат жеткирүү боюнча келишим түзөт. Документтерде бул зат сапаты жагынан кадимки түрлөрүнөн алда канча жакшы C4 жардыргычынын жаңы үлгүсү катары көрсөтүлгөн. Бирок иликтөөнүн жүрүшүндө анын курамында C4 затынын негизги компоненти — гексоген жок экени, тескерисинче, ал кыйла арзан башка жардыргыч зат болуп чыкканы аныкталган. Алар чабуул коюучу украиналык дрондордо колдонуу үчүн алынган. FT басылмасынын маалыматына караганда, бул келишим бир нече жылга созулуп, акчанын жалпы суммасы он миллиондогон фунт стерлингден ашкан. Моррис жана анын компаниясы айыптоолорду четке кагып, гезитти сотко берерин эскертти.
https://sputnik.kg/20260522/yeb-zelenskiydin-korruptsiyaga-aralashkanyn-iliktoonu-talap-kyluuda-1101459099.html
акш
украина
улуу британия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/04/1097612313_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_ccaaec79632a6784f0cb172e2d5b5c6a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, улуу британия, жасалма, басылма, иликтөө
дүйнөдө, акш, украина, улуу британия, жасалма, басылма, иликтөө
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Улуу Британия Украинага берүү үчүн АКШда чыгарылган жасалма жардыргыч заттарды тонналап сатып алган. Бул тууралуу Financial Times басылмасы өзүнүн журналисттик иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып макала жарыялады.
"Британия Киевге курал ташууга жооптуу негизги түзүмдүн бир катар келишимдери аркылуу мурда банкрот болгон америкалык экс-полиция кызматкеринен Украина үчүн тонналап С4 түрүндөгү пластикалык жасалма жардыргыч затын сатып алган", — деп жазылат материалда.
Басылманын жазганына караганда, америкалык соодагер Райан Моррис өзүнүн Tripwire South LLC компаниясы аркылуу Улуу Британиянын Коргоо министрлигине жүздөгөн тонна атайын зат жеткирүү боюнча келишим түзөт. Документтерде бул зат сапаты жагынан кадимки түрлөрүнөн алда канча жакшы C4 жардыргычынын жаңы үлгүсү катары көрсөтүлгөн. Бирок иликтөөнүн жүрүшүндө анын курамында C4 затынын негизги компоненти — гексоген жок экени, тескерисинче, ал кыйла арзан башка жардыргыч зат болуп чыкканы аныкталган. Алар чабуул коюучу украиналык дрондордо колдонуу үчүн алынган.
FT басылмасынын маалыматына караганда, бул келишим бир нече жылга созулуп, акчанын жалпы суммасы он миллиондогон фунт стерлингден ашкан. Моррис жана анын компаниясы айыптоолорду четке кагып, гезитти сотко берерин эскертти.