https://sputnik.kg/20261124/-bishkek-seksualdyk-zombuluk-sottolgondor-jakyndary-miting-1105086135.html
Бишкекте сексуалдык зомбулук боюнча соттолгондордун туугандары акцияга чыгышты
Бишкекте сексуалдык зомбулук боюнча соттолгондордун туугандары акцияга чыгышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин борборунда сексуалдык зомбулук беренелери боюнча соттолгон жарандардын туугандары катышкан нааразычылык акциясы өтүп... 24.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-24T14:02+0600
2026-11-24T14:02+0600
2026-11-24T14:09+0600
кыргызстан
бишкек
митинг
зомбулук
зордуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/01/09/1051036947_0:188:2975:1861_1920x0_80_0_0_29adeb9da128ff900c4eab6f9d98f4ff.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин борборунда сексуалдык зомбулук беренелери боюнча соттолгон жарандардын туугандары катышкан нааразычылык акциясы өтүп жатат.Чогулгандар сот чечимдерин кайра кароо жана кылмыш иштерин тергөөдө мыйзамдуулукту сактоо талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп турушат. Ураандардын арасында: "Кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөр далил болуп эсептелбейт" жана "Сот чечими куру көрсөтмөлөрдүн эмес, далилдердин негизинде чыгарылышы керек" деген жазуулар бар.Митингдин катышуучулары тергөө органдары менен соттордун ишине болгон даттанууларын жеткирүү үчүн мамлекет башчысы менен жолугушууну талап кылышууда. Нааразы болгондордун бири тууганына атайылап жалаа жабылып, чет өлкөдө зордуктоо беренеси менен адилетсиз соттолгонун айтып, ага ырайым берүү өтүнүчү менен кайрылды.Акция өтүп жаткан жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери нөөмөттө турушат.
https://sputnik.kg/20261023/zombuluka-karshy-myjzam-dolboor-1104482460.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/09/1051036947_123:0:2854:2048_1920x0_80_0_0_7cba06d7f0759515623b74a1c381621e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, митинг, зомбулук, зордуктоо
кыргызстан, бишкек, митинг, зомбулук, зордуктоо
Бишкекте сексуалдык зомбулук боюнча соттолгондордун туугандары акцияга чыгышты
14:02 24.11.2026 (Жаңыртылды: 14:09 24.11.2026) БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектин борборунда сексуалдык зомбулук беренелери боюнча соттолгон жарандардын туугандары катышкан нааразычылык акциясы өтүп жатат.
Чогулгандар сот чечимдерин кайра кароо жана кылмыш иштерин тергөөдө мыйзамдуулукту сактоо талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп турушат. Ураандардын арасында: "Кыйноо жолу менен алынган көрсөтмөлөр далил болуп эсептелбейт" жана "Сот чечими куру көрсөтмөлөрдүн эмес, далилдердин негизинде чыгарылышы керек" деген жазуулар бар.
Митингдин катышуучулары тергөө органдары менен соттордун ишине болгон даттанууларын жеткирүү үчүн мамлекет башчысы менен жолугушууну талап кылышууда. Нааразы болгондордун бири тууганына атайылап жалаа жабылып, чет өлкөдө зордуктоо беренеси менен адилетсиз соттолгонун айтып, ага ырайым берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Акция өтүп жаткан жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери нөөмөттө турушат.