https://sputnik.kg/20261123/buunun-klimat-sammiti-ishke-ashkan-zhok-1105073526.html
БУУнун Климат саммитинин катышуучулары орток пикирге келе албай тарап кетишти
БУУнун Климат саммитинин катышуучулары орток пикирге келе албай тарап кетишти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай калды. Буга Евробиримдиктин мунай, газ жана... 23.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-23T20:04+0600
2026-11-23T20:04+0600
2026-11-23T20:04+0600
дүйнөдө
түркия
буу
саммит
климат
отун
декларация
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1b/1050919061_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_6927d2e324329ff9fd02bda0a060ae30.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай калды. Буга Евробиримдиктин мунай, газ жана көмүрдөн баш тартууну тездетүү чакырыгын документке киргизүү талабы себеп болгон. Мындай жагдай 2009-жылдан бери биринчи жолу катталды. Аталган жыйын 9-22-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өткөн. Казылып алынуучу отундан баш тартуу маселеси камтылбаган декларацияны Британия, Норвегия, Панама жана Маршалл аралдары да колдоодон баш тартышкан. Натыйжада узактыгы боюнча рекорд койгон сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген. Мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Европаны эки жүздүүлүккө айыптап жатат. Алардын пикиринде, мурда планетанын булганышына негизги себепкер болгон Европа эми мунай казууну күчөтүп, аптаптуу ысыктан жана кургакчылыктан жапа чеккен жакыр өлкөлөрдөн зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууну талап кылууда. Белгилей кетсек, 2009-жылы Копенгагенде өткөн климаттык саммитте да жыйынтыктоочу документ кабыл алынбай калган.
https://sputnik.kg/20261112/kasymaliyev-tooluu-mamleketterdin-kyzmattashtygyn-chyndoonu-aytty-1104854058.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/1b/1050919061_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_8bc0c6ee1a6aba2cdd9396b721ebd855.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, буу, саммит, климат, отун, декларация
дүйнөдө, түркия, буу, саммит, климат, отун, декларация
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай калды. Буга Евробиримдиктин мунай, газ жана көмүрдөн баш тартууну тездетүү чакырыгын документке киргизүү талабы себеп болгон. Мындай жагдай 2009-жылдан бери биринчи жолу катталды.
Аталган жыйын 9-22-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өткөн. Казылып алынуучу отундан баш тартуу маселеси камтылбаган декларацияны Британия, Норвегия, Панама жана Маршалл аралдары да колдоодон баш тартышкан. Натыйжада узактыгы боюнча рекорд койгон сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген.
Мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Европаны эки жүздүүлүккө айыптап жатат. Алардын пикиринде, мурда планетанын булганышына негизги себепкер болгон Европа эми мунай казууну күчөтүп, аптаптуу ысыктан жана кургакчылыктан жапа чеккен жакыр өлкөлөрдөн зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууну талап кылууда.
Белгилей кетсек, 2009-жылы Копенгагенде өткөн климаттык саммитте да жыйынтыктоочу документ кабыл алынбай калган.