https://sputnik.kg/20261112/kasymaliyev-tooluu-mamleketterdin-kyzmattashtygyn-chyndoonu-aytty-1104854058.html
COP31: Касымалиев тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырды
COP31: Касымалиев тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын... 12.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-12T09:02+0600
2026-11-12T09:02+0600
2026-11-12T12:56+0600
дүйнөдө
түркия
саммит
экология
адылбек касымалиев
чакырык
климат
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103109402_0:102:1600:1003_1920x0_80_0_0_f60709ae6fd54aad38aa66f88946abf2.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын Антальядагы 31-конференциясынын (COP31) Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. Ал Кыргызстандын COP31дин артыкчылыктуу багыттарына берилгендигин ырастап, өлкөнүн кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттык туруктуулукту чыңдоо жана глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча көрүп жаткан практикалык чараларын белгиледи. Өзгөчө көңүл климаттык каржылоо маселелерине бурулду. Касымалиев өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу боюнча чараларды каржылоого болгон муктаждыктары менен көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоонун көлөмүнүн ортосунда олуттуу ажырым бар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстан климаттык конференцияларда 2035-жылга карата климаттык каржылоого жыл сайын 1,3 триллион долларды мобилизациялоо жана адаптациялык чараларды каржылоонун көлөмүн үч эсеге көбөйтүү боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайт. Ошол эле учурда ал климаттык каржылоого жетүүнү жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын баса белгиледи. Касымалиев өзүнчө уникалдуу жаратылыш экосистемаларын, атап айтканда Ысык-Көлдү сактоо маселелерине токтолду. Ал 2026-жылдын 22-сентябрында президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялаганын, өлкөнүн алгачкы салымы 10 миллион долларды түзөрүн эске салды. Ал иш-чарада эл аралык уюмдарды, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду аталган демилгени колдоого чакырды. Тоо боюнча глобалдык маселенин күн тартибин илгерилетүү жөнүндө сөз кылып жатып тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жыл сайынкы Диалог өткөрүүнү колдоого чакырды. Практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий, техникалык жана каржылык потенциалды бириктирүүгө багытталган Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүү жөнүндө Кыргызстандын демилгесин билдирди. Жыйынтыгында Касымалиев Саммиттин катышуучуларын 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган глобалдык экинчи тоо саммитине катышууга чакырды. Ал тоо экосистемаларын жана криосфераны сактоо эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги экенин жана билдирүүлөрдөн конкреттүү аракеттерге өтүүнү талап кыларын баса белгиледи.
https://sputnik.kg/20261030/zhaparov-tmu-sammitinde-suylodu--1104617626.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/15/1103109402_91:0:1514:1067_1920x0_80_0_0_25b45774683c5dfeb6eb547aaab7ac4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, саммит, экология, адылбек касымалиев, чакырык, климат
дүйнөдө, түркия, саммит, экология, адылбек касымалиев, чакырык, климат
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын Антальядагы 31-конференциясынын (COP31) Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Ал Кыргызстандын COP31дин артыкчылыктуу багыттарына берилгендигин ырастап, өлкөнүн кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттык туруктуулукту чыңдоо жана глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча көрүп жаткан практикалык чараларын белгиледи.
Өзгөчө көңүл климаттык каржылоо маселелерине бурулду. Касымалиев өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу боюнча чараларды каржылоого болгон муктаждыктары менен көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоонун көлөмүнүн ортосунда олуттуу ажырым бар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстан климаттык конференцияларда 2035-жылга карата климаттык каржылоого жыл сайын 1,3 триллион долларды мобилизациялоо жана адаптациялык чараларды каржылоонун көлөмүн үч эсеге көбөйтүү боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайт.
Ошол эле учурда ал климаттык каржылоого жетүүнү жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын баса белгиледи.
Касымалиев өзүнчө уникалдуу жаратылыш экосистемаларын, атап айтканда Ысык-Көлдү сактоо маселелерине токтолду. Ал 2026-жылдын 22-сентябрында президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялаганын, өлкөнүн алгачкы салымы 10 миллион долларды түзөрүн эске салды.
Ал иш-чарада эл аралык уюмдарды, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду аталган демилгени колдоого чакырды. Тоо боюнча глобалдык маселенин күн тартибин илгерилетүү жөнүндө сөз кылып жатып тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жыл сайынкы Диалог өткөрүүнү колдоого чакырды.
Практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий, техникалык жана каржылык потенциалды бириктирүүгө багытталган Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүү жөнүндө Кыргызстандын демилгесин билдирди.
Жыйынтыгында Касымалиев Саммиттин катышуучуларын 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган глобалдык экинчи тоо саммитине катышууга чакырды. Ал тоо экосистемаларын жана криосфераны сактоо эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги экенин жана билдирүүлөрдөн конкреттүү аракеттерге өтүүнү талап кыларын баса белгиледи.