00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
17:56
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз музыкасынын тарыхын сактап калган Балбай Алагушевди эскерүү

© из личного архива Балбая АлагушеваКР эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радиотележурналист Балбай Алагушев
КР эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радиотележурналист Балбай Алагушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2026
Жазылуу
Балбай Алагушев кыргыздын музыкалык маданиятын, тарыхын, залкар адамдарын тереңден билген. Өзгөчө элдик таланттардын үнүн жаздырып, архивдерди сактап калууга кошкон салымы чоң. Ал бүтүндөй мекеме жасай турган эмгекти жасап кеткен инсан.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Тимур Саламатов болду. Биз КР эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радиотележурналист Балбай Алагушев тууралуу баарлаштык.
— Балбай Алагушев быйыл 90 жашка чыкмак, мындан беш жыл мурун жарык дүйнө менен кош айтышып кетти. Алгач кепти ал кишинин музыка, маданият жаатына келип калышы тууралуу баштасак...
© Sputnik / Нурайым РысмамбетоваКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Тимур Саламатов
Заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики, композитор Тимур Саламатов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2026
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Тимур Саламатов
— Балбай Алагушев чынында кыргыз маданиятына баа жеткис эмгек жасап кеткен адам. Кыргыз музыкасынын баба дыйканы десек болот. Өмүрүн ушул тармакка арнап, дың жаткан мейкиндикти өздөштүрдү. Ага чейин деле ошол кездеги Ленинграддан, Москвадан келген музыка изилдөөчүлөр жазып жүрүшкөн. Бирок кыргызча, кыргыздын музыкасын жакшы билген адам катары Балбай Алагушев биринчилерден болуп жазды. Эң биринчи эмгеги 1966-1967-жылдары ошол кездеги республикалык гезит-журналдарга чыгып, адеп Абдылас Малдыбаевге арналган очерктер китепчеси жарык көргөн. Улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, көп нерсеге шыктуу эле, комуз да чертчү. Ошентип музыка менен алектенип калды. Ккийин 1970-жылдардын башында музыкалык билим алуу үчүн Мураталы Күрөңкөев атындагы окуу жайда окуп, музыкалык терминдерди өздөштүрүп, музыканы изилдөө үчүн атайын билим алды. Ошондон кийин элдик музыка, фольклор, профессионалдык музыка деп бөлбөй, бардык жагына киришти. Мураталы Күрөңкөев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозовдор менен көзмө-көз сүйлөшүп, радиодо да журналист болуп иштеп калган. Кыргыз радиосундагы "алтын казынаны" толтургандардын бири — ушул Балбай Алагушев. Ошол эле Ыбырайдын (Туманов — ред.) өзүн студияга ээрчитип барып, күүлөрүн өзүнүн аткаруусунда жаздырган. Эл арасында жүргөндө да кандай шартта күү аткарылып жатат, кандай сөздөр айтылууда, эл кантип кубаттаганын сүрөттөп жазып алган. Эмгектери ошонусу менен баалуу. Кыргыз музыкасын изилдөөчүлөр үчүн бул табылгыс материал. Маданият кандай шартта жашаганын көргөзүп берген. Аспапчыларды "Кылымдардын кылдары" деген китебине топтоду. Ал эми "Булбулдар" аттуу китебине ырга байланыштуу адистерди киргизди. Кыргыздын жашоо маданиятын, салтын, элдик оозеки чыгармачылыгын толук жазып калтырып кетти. Тактап айтканда, 1960-жылдардан баштап дээрлик 60 жыл өмүрүн кыргыз музыкасына арнады. Композиторлор союзу түптөлгөндөн баштап кыргыз композиторлорунун баарын жазды. Колумда "Кыргыз музыкасынын энциклопедиясы" турат. Муну редакциялагандардын бири менмин. Мында Арстанбек Буйлаш уулунан бери кыргыз музыкасын аркалагандардын толук жашоо-турмушу, өмүрү камтылган. Дагы бир баалуу жагы — бул фактология. Башкача айтканда, кайсы убакта кайсы чыгарма жазылганын, кайсы окуя качан болгонун, датасын, фактысын туура койгон. Обончулар, композиторлор чыгармаларын жазып же радиого жаздырганы менен датасына маани беришпейт да. Ал эми Балбай Алагушевде кимдин чыгармасы качан жана биринчи кайсы залда аткарылганынан бери бар. Ошол эле элдик чыгармачылыкка келсек, мисалы, Мыскал Өмүрканованын кантип качан өмүргө келгени эч жерде жок, бир гана Балбай Алагушевден табабыз.
— Күүлөрдүн тарыхын да бул киши тактап кеткен эмеспи...
— Ооба, дагы бир кызыктуу факт: ошол эле Карамолдо Орозовдун "Сынган бугу" деген күүсүнүн тарыхын Карамолдо Орозовдон сурап, жазып алган. Көңүл бурбай койсо ал деле калмак. Бул күү Байгазы деген кишинин "Байгазынын арманы" деп аталган күүсү экен. Мукам, ушунчалык кайрыктары жакшы, бирок чакан күү болгон. Ошону кийин Карамолдо залкар күүгө айланткан. Ал — бүгүн кыргыздардын философиялык күүлөрүнүн бири. Карамолдо Орозов Мураталы Күрөңкөевден да таалим алып жүргөн. Күүнү уккан Күрөңкөев "абдан мыкты күү болуптур, эми муну "Байгазынын күүсү" деп атап жүргөнүң болбойт, аталышы күүнүн салмагынан жеңил болуп жатат" деген кеңешин берет. Байгазы бугу уруусунан болгон, күүдө анын арманы, күйгөнү чагылдырылган. Ошентип бугу уруусунан чыккан Байгазынын сынган арманы деген мааниде "Сынган бугу" деп аталып калган. Балбай агабыз 85 жашында пандемия маалында каза болуп калды, кайран киши өмүр бою тынбай эмгектенди.
— Ооба, ушул 85 жылдык өмүрүндө 60 китеп жазыптыр. Эмне деген эмгек...
— Ал киши отурса-турса деле жаза берчү. Көп аралашып калгандыктан үйүндө да болуп калдым. Композиторлор союзунун жыйындарына, Москвага жана башка шаарларга барабыз. Чогуу жүргөндө жаны тынбаган жазмакерлигин, күжүрмөндүгүн көрдүм. Үйүнө барсаң 1920-1930-жылдардагы гезиттерге чыккан материалдар, акын-жазуучулар, элдик таланттар тууралуу макалаларды, сүрөттөрдүн баарын сактап койгон. Эмне сурасаң, баарын таба аласың. Бир күнү мага дүйнөлүк атактуу композитор Дмитрий Шостаковичтин Абдылас Малдыбаевге "чыгармачылык байланышта жүрөлү" деген мааниде жазган катын көрсөттү. Ошол кат Малдыбаевдин өзүндө жок, бирок Алагушевдин үйүндө бар экен. Кийин анын сүрөтүн бир гезитке жарыялаган. Ушундай фактылар бар. 1963-жылы Шостакович Россияга бириккенибиздин 100 жылдыгына карата Кыргызстанга келип, Каркыра жайлоосунда болуп кеткен.
— Бул киши музыка изилдөөдөн тышкары айылдарды кыдырып элден фольклор жыйнаган экен. Фольклорист катары да тааный алабызбы?
— Албетте, анткени радиодо иштеп жүргөндө элдик музыканттардын баарын чакырып келип жаздырганы — бир чоң эмгек. Мындан тышкары, Композиторлор союзунун фольклорду изилдөөчүлөр бөлүмүндө да кызмат кылган. Жыл сайын жайында райондорго чыгып, кандай таланттар бар экенин, алар кандай чыгармаларды аткарарын жазып келген. Ошондой эле азыр Токтогулдун өзү чертип жүргөн комузун эл арасынан таап, Композиторлор союзуна алып келгендердин бири — ушул Балбай Алагушев. Азыр анын формасында комуздарды да чаап жатышат. Мурда профессионалдык жаатта обончулардын чыгармачылыгына көп көңүл бурулчу эмес. Изилдөөчүлөрдүн көбү кыргыздын залкар чыгармаларын жана кыргыздын залкар күүлөрүн изилдеген. Алагушев антип тандачу эмес. Обончу Рыспай Абдыкадыровдун ырлары чыкканда биринчи макалаларды ушул киши жазган. Түгөлбай Казаковду да жазган. Алагушев "Мелодия" фирмасынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп калды, ошондо 6 дисктен турган, бери жагы алты сааттык күүлөрдү винил дискке жаздырат. Бул да баа жеткис эмгек. Ошол дискке түшпөсө эски күүлөрдүн көбү табылбай калмак. Себеби магнитофондук пленкага жазылган музыкада пленка бара-бара кургап отуруп, кийин чачырай баштайт. Азыркы Кыргыз радиосунун фондундагы бир топ материал да ушинтип жоголуп кеткен. Ал эми винил диск жоголбойт, аппарат болсо иштей берет.
— Балбай Алагушевди "тирүү энциклопедия" дешкен да. Ушул 60 китепти кантип жазып үлгүрдү деп таң калганыбыз менен дагы бир топ эмгеги кагазга түшпөй өзү менен кетти го?
— Анысы да бар. Себеби өзү кол менен жазып, кайра машинкага салып отуруп, бир топ убактысы кеткен да. Бүгүнкүдөй санарип технология жок эмес беле. Мунун баары кол менен жасалчу. Күнү-түнү жазды да. Көп залкарлар менен көзмө-көз сүйлөшүп, маалыматты өздөрүнөн алган. Көп нерсе унутта калмак. Мисалы, Алагушевдин арты менен Малдыбаевдин, Ыбырай Тумановдун ар бир кадамын жакшы билебиз. Ыбырай Туманов астма менен ооругандыктан күү чертип жатып кышылдап турчу. Жаздырганда кышылдаганы кошо түшүп калчу. Ошонусун кантип азайтабыз дешип, айла жок оозун тыбыт жоолук менен байлап анан черттиришкен. Алагушев бүткүл бир институт жасай турган ишти жасады. Ошол кишинин эмгектерин бүгүн жогорку окуу жайларында окуп жатышат. Музыка сабагынан 4-5-класстар үчүн окуу китептерин жазган. Улуттук илимдер академиясында Салттуу маданият борбору ачылган. Ошол жерде отурган изилдөөчү да сөзсүз Балбай Алагушевдин эмгектерине кайрылат.
— Убагында ал кишиден мен да маек алып калдым. Абдан кылдат, аяр сүйлөгөн интеллигент адам эле. Жалпы мүнөздөп берсеңиз...
— Ооба, мүнөзү жумшак киши эле. Адам менен жакындан мамиле кыла билүү ал киши үчүн аябай баалуу болчу. Ошол себептен биз коюн-колтук алышып жүрчүбүз. Бир ишти жаза кетирбейт эле. Москвадан да убагында көп өкүлдөр келчү. Мисалы, алардын кыргыз музыкасына жасаган мамилесин байкап туруп, сөзсүз түрдө бир нерсе жазып койчу. Аралашып жүрүп эле фактылар менен окуяларды белгилеп жазып алчу.
— Акыркы кезде музыка сабагынын мектептерде окутулушуна да ичи чыкпай нааразы болуптур...
— Ал киши ишке жеңил-желпи мамиле кылганды жактырчу эмес. Билим берүүдө бир кезде накта кыргыздар азайып, "киргиздер" басымдуулук кылып кеткенде кыргызды кыргыз кылган накта баалуулуктар четте калып жатканын байкап, нааразы болуп сын айткан учурлары болгон. "Ыбырай Тумановдун, ошол эле комузчуладын же кыргыздын накта аспаптарынын башын кошкон музей ачсак болот эле" деп далай айтып жүрдү. Маданият министрлигине, өкмөткө бир нече ирет кайрылып, кат жазды. Бирок этибарга алынбады.
— Ооба, төкмөлүк, манасчылык нукура таланттарга берилген касиет экенин белгилеп, анын баркын түшүрбөш керектигин айткан экен. Ошол эле учурда манасчыларга да "манас айтам деп эле шакылдап-бакылдап айта берген болбойт" деп бул жерде улуттук салттуу музыканын нукуралыгынын сакталышын эскертиптир...
— Кээ бир аткаруучулар бар, өздөрүнүн фокустарын кошуп жиберет. Бирок нукура маданиятта андай нерсе болбошу керек. 1980-жылдары Дастан Сарыгулов менен биригип алып, комузчулардын чоң сынагын өткөргөн. Жобонун талаптарынын баарын жазып чыккан. Комуз чертип эле койбостон, күүнүн тарыхын билүү да каралган. Ошонун аркасы менен Кыргызстанда комуз черткен балдар көбөйдү.
— Эми туяктары тууралуу айтсаңыз. Балдарынын арасында музыкага жакыны, ата жолун жолдогону барбы?
— Өз балдары башка кесипти аркалап кетишти. Бирок бир туугандарынын балдарынан чыкты. Бүгүнкү күндө Бек Алагушев деген чоң комузчу бар. Эки жыл мурун эле эки томдук чоң жыйнак чыгардык. Анда Ниязалынын күүлөрүнүн баарын Бек Алагушев түшүрүп, чоң китеп жаралды. Азыр Искусство институтунда сабак берип жүрөт.
— Эсиңизде калган окуяларынан болсо же акыркы ирет көрүшкөнүңүздү эскерип берсеңиз...
— Балбай Алагушевдин 80 жылдыгын композиторлор масштабдуу белгилейли дедик, бирок пандемия болуп, андан мурун каржылык маселелерден улам ишке ашыра албай, УТРКнын студиясында эле белгиледик. Ошондо бизге "80 жашың деле оңой эмес экен. Каруу кетип калат экен. Баягыдай күч жок. Жазайын, кылайын деген эмгектен көп неме жок. Кыргыз музыкасынын чети да оюла элек. Ай, жазгыла, жазгыла" деп 80 жылдык өмүрүндө 60 китеп жазган киши ушинтип кейиди. Баш көтөрбөй эле жаза берчү. Кантип убакыт табат, билбейм, бирок музыкага байланышкан окуяларды калтырчу эмес. Абдылас Малдыбаевдин чыгармачылыгы боюнча орус тилинде чыгаралы деп китеп жаздым. Ал киши бардык материалдарды даярдап берди. Эч кызганыч жок. Башкалардан табылбаган материалдар, сүрөттөр анда бар болчу. Ал кишинин архивин Илимдер академиясынын Салттуу музыка борборуна алабыз деп жатышкан. Алдыбы, билбейм.
— Алдыда Балбай Алагушевдин 90 жылдыгын белгилөөгө даярдык кандай жүрүүдө?
— Негизи бизде белгилүү ырчынын же чыгармачыл инсандын ырларын аткарып, шакирттери алып чыгуу салты калып калган. Ал эми музыка жөнүндө кагазга түшүрүп, изилдегендерге биздин коомдо көп көңүл бурулбайт. Бул маараке боюнча Композиторлор союзу Маданият министрлигине сөзсүз демилге менен кайрылат. Алар кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Бирок музыканттардын арасында 90 жылдык белгиленбей койбойт. Ошол эле Илимдер академиясынын Салттуу музыка борбору бүгүн Балбай Алагушевдин эмгектеринин негизинде иштеп жатат. Бирок мамлекеттик деңгээлде кандай өткөрүлөт, билбейм. Эми үйүндөгү материалдар китеп катары жарык көрсө жакшы болот эле. Мааракеге карата той-тамаша эмес, ошол кишинин артында калган эмгектери жарык көрсө, иши эскерилсе деген тилек бар.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Сүйүнбек Касмамбетов: атам келгендерди Манасы менен тосуп, Манасы менен узатчу
Жаңылыктар түрмөгү
0