Сүйүнбек Касмамбетов: атам келгендерди Манасы менен тосуп, Манасы менен узатчу

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Жазылуу
Сапарбек Касмамбетов — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын башында турган "Манас" эпосун жайылтууда жана келечек муунга жеткирүүдө зор эмгек жасаган инсандардын бири. Бул жаатта бир катар эмгектери да жарык көргөн. Январда манасчынын каза болгонуна эки жыл болот.
Sputnik Кыргызстан редакциясы "Туяк" рубрикасынын алкагында манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетовду эскерди. Мейманда залкар манасчынын уулу, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов болду.
© Фото / из семейного архива Сапарбека КасмамбетоваБелгилүү манасчы, Манас изилдөөчү Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы жарык дүйнөгө келген
Известный манасчи, исследователь эпоса, поэт и прозаик Сапарбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Белгилүү манасчы, Манас изилдөөчү Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы жарык дүйнөгө келген
— Алгач атаңыздын манасчылыкка чейинки бала чагына токтолсок...
— Мен чоң энемдин колунда Орозакун, Чалагыз, Каптагай, Карамолдо өңдүү чоң өнөрпоздордун айылы Корумдуда чоңойдум. Биздин айылыбыз Карамолдо Орозовдун айылы. Чоң апам мага өткөн-кеткенди көп айтып берчү эле. Атам 7-8 жашында тоодон торпок кайтарып келе жатып, күн батайын деп калган учурда адашып кетет. Анан тоонун этегинде от жагып отурган аксакалга жолугуп калып "салам алейкум, ата" деп учурашса, ал киши кимдин баласы экенин сурап, ата-тегин сүрүштүрөт. Көрсө, ал Шапак Рысмендеев экен. Атамдын тирикарактыгын байкаган аксакал айылга бир тестиер баланы чаптырып, "Каскемди таанычу элем, баласы мени менен эки-үч күн болот" деп апасына айттырып жиберет. Ал да касиеттүү киши эмеспи, атамдан бир нерсе көрсө керек. Шапак манасчы манас айтып берип, атам андан катуу таасирленет. Баян жан дүйнөсүнө киргенден кийин арууркаса керек. Кыргызда арууркайт, түшүркөйт деген түшүнүк бар. Кийин айрым окуялар түшүнө кирип, атам азыркы тил менен түшүндүрө алгыс абалда болот. Улам арууркап, манас айтып, чоролордун атын атай бергендиктен апасы "балам ушул манасчыга жолуккандан кийин эле ушинтип жатат" деп түлөө да өткөрөт. Өзү "алгачкы түлөөмдө Иманакун агам эчки союп, үнүм эчкиникиндей болуп калыптыр. Жакшы, шаңкылдаган үн жок" деп агасын тамашалап калчу.
Атам манас айтууга жаш кезинен киришкен. Эпостогу жаратылышты сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бурчу. "Үргөнчтү кечкенде", Манастын Тал-Чокусун, Каныкейдин Тайторуну чапканын күндөп-түндөп айтчу эле. Кийин атам "менин Манасым бар. Манасым барда кудайым энчимди берет" деп манас айтууну кесип кылып алат. Ал манасчылык менен төкмөлүк өнөрдү чогуу алып жүргөн киши болгон.
— Балалыгы кайда өттү эле? Сиз Корумдуну айтып калдыңыз, бирок Нарында өскөн деп да айтылып жүрөт...
— Туура айтасыз, атамдын балалыгы согуш жылдарында Кочкордогу тайларында өткөн экен. Ал жакта көп жашап калышыптыр. Шапак аксакал менен жолукканы да Кочкордогу Семиз-Бел капчыгайында болсо керек.
© Фото / из семейного архива Сапарбека КасмамбетоваСүйүнбек Касмамбетов: атам манас айтууга жаш кезинен киришкен. Эпостогу жаратылышты сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бурчу. "Үргөнчтү кечкенде", Манастын Тал-Чокусун, Каныкейдин Тайторуну чапканын күндөп-түндөп айтчу эле.
Известный манасчи, исследователь эпоса, поэт и прозаик Сапарбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Сүйүнбек Касмамбетов: атам манас айтууга жаш кезинен киришкен. Эпостогу жаратылышты сүрөттөөгө өзгөчө көңүл бурчу. "Үргөнчтү кечкенде", Манастын Тал-Чокусун, Каныкейдин Тайторуну чапканын күндөп-түндөп айтчу эле.
— Манас айтып калуусуна Шапак Рысмендеев себепчи болгон экен да?
— Апабыз күнү-түнү ар кандай жомокторду тынбай айткан киши эле. Улам кеч кирген сайын жомокторду, окуяларды, ошол эле учурда баатырдык эпизоддорду жомокко айлантып, кара сөз түрүндө аябай саймедиреп уккулуктуу кылып айтчу. Ал убакта теле, радио, массалык маалымат каражаттары жок, эпосторубуз ооздон-оозго айтылып, улам кийинки муунга жеткирилген эмеспи. Атамдын манас айтып калышына биринчи Шапак аксакал себеп болсо, экинчиден апасынын жомокчулугу таасир берсе керек. Атам өзү да сөз ээрчип, кеп тыңшаган киши экен. Аксакалдар чогулуп, уруудагы, чөлкөмдөгү, жайлоодогу, жашоодогу окуяларды баяндашкан. Илгери суу бурмайда "саман байлап берет" дешип аксакалдарды да кечинде жумушка чыгарган эмеспи. Анан алар түн ичинде таң ашырганча улуу жомокторду, ар кандай окуяларды айтып, баарлашат. Атам да алардын сөзүн угуп отуруп уктап, бир убакта ойгонсо дагы эле санжыра айтып жатышкан болот. Ошол чоң аталардан да көп таалим алыптыр.
Кийин Корумдуда колунда бар, өнөрдү баалаган байдын үйүнө бир топ өнөр адамдары келет. Арасында Саякбай Каралаев да бар экен. Атам ал убакта бир катар окуяларды аз-маздан айтып, дастанга сүңгүп кирип калган кези болот. Саякбай отурган элге аябай манас айтыптыр. Атам колуна суу куюп, батасын да алат. Анан ал кишиге жамбаш тийгенде бир аз ооз тийип туруп атама "кел, балам" деп өзүнүн устуканын берген экен. Кийин Саякбай манасчы менен дагы бир ирет жолугушканда "баягы жамбашты алган бала турбайсыңбы" дептир. Ал кишинин эс тутумунун күчтүүлүгүнө атам өмүрү өткүчө таң калып жүрдү. Ошондо Саякбай атабызды ээрчип Көлдү айланып манас айтып келген экен. Ушул эки манасчы анын багын ачкандыгын кеп кылып калчу.
Атабыз өмүр бою үй деле салган жок да. Ата-энем өздөрү мугалим. Барган жеринде өкмөт үй берип, иштеп, комузчулук, манасчылыгы менен эле жүрдү. Айылыбызда да сөзмөр, окуяларды куюлуштуруп айткан өнөр адамдары көп эле. Биз да таасирленип, аксакалдардын айткандарын көп уктук.
— Манасчылар аян алганын көп айтышат.
— Алтайда, Кызыл-Сууда жашаган кыргыздар, жергиликтүү манасчылар окуясы бир, сөздөрү башка болсо да бири-биринен үйрөнбөй эле антенна сыяктуу аян алып, манас айтып жатышпайбы. Манастан мамлекеттик түзүлүш, чек ара, экология өңдүү бүт маселелерди таап чыксак болот. Көөнөргүс булак. Атам Шапак Рысмендеевден уккан окуяларды жүрөгүнө, аң-сезимине жакын кабыл алгандыктан алар түшүнө да кирген. Муну аян десек да болот. Кээде арууркаганда таң атканча манас айтып чыкчу экен. Анан апасы акырындан ойготуп, шорпо берип, молдолорго алып барыптыр. Сезимтал адамдар "Манастагы" окуяларды укканда аны жакын кабыл алып, түш көрүп айтышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүйүнбек Касмамбетов: атам Саякбай атабызды ээрчип Көлдү айланып манас айтып келген экен. Ушул эки манасчы анын багын ачкандыгын кеп кылып калчу.
Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Сүйүнбек Касмамбетов: атам Саякбай атабызды ээрчип Көлдү айланып манас айтып келген экен. Ушул эки манасчы анын багын ачкандыгын кеп кылып калчу.
— Ушундай залкарлар үйдө кандай адам болгондугу коомчулукка кызык. Атаңызды кантип сүрөттөөр элеңиз, кадимки оокатка кандай эле?
— Апамдын айтымында, бул киши өмүр бою эртең менен кандай кийинсе кечке чейин ошол кийимин чечпей, үйдөн да галстукчан жүрчү экен. Экинчиден, атам атасынан өтө эрте, беш-алты жашында эле ажыраган. Анан экөөбүз жолуккан сайын эле жарыктык киши "атамдын бою эки метр болчу. Бир жолу дүкөндө кезек күтүп турсак, арттан эле дүкөнчүгө үстү жактан кол сунуп, акчасын берип, мага оюнчук алып берген" деп айта берчү эле. Жаш кезинде аксакалдар "сенин атаң баатыр, чоң киши болгон" деп көп айтышса керек. Касмамбет атабыз да совет бийлигинин коллективдештирүү, калкты отурукташтыруу аракетине көп жардам көрсөткөн экен. "Ала бапак Касмамбет" деген атка конуп, аппак папахасын кийип, кызыл лента тагып алып, ошол учурдагы күжүрмөн кызматкерлердин бири болот. Ал киши да сөзмөр, үйүнө ырчыларды, комузчуларды, акындарды, шайырларды коноктоп, кетиргиси келбеген өнөргө ышкыбоз адам болуптур.
Анан дагы атам кичинесиндеги бир окуясын көп айтчу. Бир жолу жолдо кетип баратса машина келип токтоп калат. Артында чоң киши отурган болот. Ал акырын башын эңкейтип "балам, кайда баратасың?" деп сурайт. Атам "жакын эле, Көк-Жар тарапка баратам" десе, ал да ошол тарапка баратканын айтып, ата-тегин сураштырат. Анан Касмамбеттин баласы экенин угуп, "аа, Каскемдин баласысыңбы?" деп эңкейип туруп атамды желкесинен көтөрүп салып алат. Анан алачыктай чоң тонун ачып, ага атамды отургузуп, бир өңүрүн акырын жаап коёт. "Апаң кандай жүрөт?" деп сураса, апасы да ушул жакта экенин айтат. Анда "аа, аяш да бул жерде турбайбы, келе жатканда учурашып кетем" деп үй жагына түшүрүп кетип калат. Үйүнө кирип апасына айтса, ал көпкө эстей албайт. Көрсө, ал киши кадимки Кожомкул балбан экен. Эки-үч күндөн кийин Кожомкул балбан кайрылып, аяшы менен учурашып, кешигин таштап, досуна куран окутуп кеткен экен.
Атам менен Турсун Уралиев дос болчу. Бир жолу Турсун Уралиев Саякбай аксакалдан "Семетейдин Үргөнчтү кечкенин" жаздырып алайын деп манасчыны жарым саатка чакырат. Ал эртең менен эрте келип, чай ичип анан манас айтып баштаган экен. Турсун аксакал "кечинде анан Үргөнчтү кечип өтпөдүбү, жарыктык киши" деп таң калып, бир чети сыймыктанып айтчу. Улуу манасчы ар бир ташты, талды, сууну айтып отуруп керели-кечке айтыптыр. Анан атам ушул окуяны "мына жетимиш кез дайраны 10 же 30 мүнөттө кечирип койсо болот, залкар манасчылар бир күн кечке айтып аягына чыгара алган эмес. Эпосту үңүлүп кирип окусаңар көп окуяларга алынып кетесиңер. Кыргыз тили бай" деп таасирлене айтчу.
Эпосто бир эле найзанын учун 20-30 ат менен атап, 90го жакын музыкалык аспап аталчу экен. Бул жөнүндө Балбай Алагушев "90 аспаптын бүгүнкү күнгө жеткени 20-30дун тегереги. Атаңдын көрү, калганын каяктан табабыз" деп кайгырып калчу. Семетейдин Таласка келгенин айтып жатып эле жаратылышты эки-үч күн сүрөттөөгө болот экен. Ал жерде миңдеген жер-суунун аты бар. Атам бош убактысынын баарын эле өзүнө жакын Талантаалы Бакчиев, Темир Токтогазиев, Кадыр Кошалиев, Сулайман Кайыпов өңдүү адамдар, манасчылар менен Манас темасында сүйлөшүп өткөрчү. Үй оокаттарына анча көп кийлигишчү эмес. Анын баарын апам өзү эле тейлечү. Түгөлбай Сыдыкбековдун, Касымалы Жантөшевдин романдарын "мени досум сагынып калды, кайра окубасам болбойт" деп калчу. Көрсө, эски романдарды "досум" деп койчу экен. Анан "Манас" эпосунан бир нерселерди байкап калса, аны кагазга жазып алып окумуштууларга жөнөп калчу.
— Ал кишинин манасчылык, акындык өнөрдөн тышкары театрда да иштегенин айттыңыз. Дагы кандай өнөрдүн ээси эле?
— Манасчылык, төкмөлүк, жомокчулук өнөрлөрү бар эле. Башка элдин эпосторун окуп, салыштырчу. Анан жыгач уста болчу. Кыргызстан жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсү эле. Ар кандай фольклордук чыгармаларга сын пикирин да жазып турган. Бирок көп өнөрдүн ээси болсо да манасчылыкты кесип катары кабылдаган.
© Фото / из семейного архива Сапарбека КасмамбетоваСүйүнбек Касмамбетов: атамдын төкмөлүк, жомокчулук өнөрлөрү бар эле. Башка элдин эпосторун окуп, салыштырчу. Анан жыгач уста болчу. Кыргызстан жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсү эле.
Известный манасчи, исследователь эпоса, поэт и прозаик Сапарбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Сүйүнбек Касмамбетов: атамдын төкмөлүк, жомокчулук өнөрлөрү бар эле. Башка элдин эпосторун окуп, салыштырчу. Анан жыгач уста болчу. Кыргызстан жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсү эле.
— Улуу Британиянын Кент шаарынан чыгармаларынын атайын топтому англис тилинде чыгарылган экен.
— Бир тууган карындашым Гүлнара Касмамбетова 1994-жылдан бери BBC корпорациясында иштейт. Атам барып калганда британиялык фольклор изилдөөчүлөр карындашым аркылуу байланышкан экен. Студияга чакырып манас айттырышат, атам улам эс алып, үч күн айтыптыр. Анан алар "бул киши ушинтип айта эле береби?" деп таң калышат. "Ооба, бизде бул өнөр каныбызга сиңген, ушундай жагдайда айтылган" дешкен экен.
Окумуштуулар бир сөзүн түшүнбөсө да тунжурап угуп, атамдан Аккула, Тайторунун чабылышы тууралуу окуяларды жаздырып, англис тилине которушкан. Ал китептер бир жылдан кийин жарыяланып, айрым үлгүлөрү биздин улуттук китепканага тапшырылды.
— Белгилүүлөрдөн атаңыздын жакын достору кимдер эле?
— Биз бала кезде Абдылда Белеков көп келчү. Байдылда Сарногоев атама жакын болчу. "Касмамбетов Сапарбек, ырдай берет эпилдеп. Мага кабар жетти го, бачым мага келсин деп" деген өңдүү тамашалуу ырларын айтып келип калчу. Атам да тамашалап "Сарногоев Байдылда, баркы болот чайдын да" деп жооп берчү. Ашыраалы Айталиев, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдер, кийин Советбек Байгазиев, Мелис Эшимканов, Кубатбек Жусубалиевдер көбүрөөк үйгө келип кобурашып кетчү эле. Кыргыз эл акыны, раматылык Элмирбек Иманалиев атамды жакшы көрчү. Бир жолу экөө таң аткыча ырдап отурушту. Атамдын мааракелеринде азыркы төкмө акындар, манасчылар барып ырдап, үйдө кобурашып турушчу. Менден да кичүү балдар, баары тең атамды Сапаке дешчү. Садык Шер-Нияз да ошентип атачу. Ушундай сонун отурушар эле да. Ал кишинин көңүлүн куунак кылып, сүйлөтүп, ырдатышчу. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин үйгө келген кишилерди Манасы менен тосуп алып, Манасы менен узатыптыр.
— Агай көп өмүрүн айылда өткөрүп калды. Шаарга келбей койгондугунун себептери барбы?
— Эстекем (Эстебес Турсуналиев — ред.) "Нурдин, Сапакем, Ысак филармонияга келбей айылда болуп калышты. Булар "Манасты", чыгармачылыкты айылда жайылтышты. Бир чети бул деле керек окшойт, кайрандар деле чоң залкарлар эле" деп калчу. Атам 15 жашында таластык сологой ырчы Сооронбек менен айтышып, ал айтыш чоң аңыз болгон. Кыргыз уңгулуу эл болгондуктан илгертен манасчылар, төкмө акындар көп. Атам баарыбыз тең келсек филармонияга батпайбыз да деп ойлосо керек.
Көп бир тууганбыз, беш карындашым бар. Кичүү иним бар эле, жаш кезинде өтүп кетти. Апама каралашып, Көл тегерегинде, айыл жергесинде музыка, тарых, манас таануудан сабак берип иштеп калды. Бирок республикалык сынактардын бирин да калтырган жок.
Жалал-Абадда Рахматулла Козукеев, Ысак Барпиев, Кайыр Сатыбалдиев деген таланттар менен жарым жылдап түштүктү кыдырып кетип калган учурлары болуптур. Делөөрүп элдин деми менен эле айлап жүрүп алганда бир тууган агасы барып алып келген. 20 жашында казак акындары менен кетип калып үйгө алты ай келбей, агасы Казакстандан бир ай издеп, таап келиптир. Өнөр адамдарынын ушундай кызык жактары болот.
— Төкмөлүк өнөрдү кимден үйрөндү экен?
— Анысын билбейм, бирок атамды дайыма райондук чыгармачылык топ чакырып турчу. Чоң апамдын айтымында, атам кичинесинде көргөн-билгенин жамактап ырдап жиберчү экен. Жумамүдүн Шералиевдин да төкмөлүгү бар болчу дешет. Атам Нарын драма театрында иштеп турганда Ашыралы Айталиев, Жумамүдүн Шералиевдер болуп эл алдына чыгып, элди куттуктап ырдашат. Жумакемдин ушул өнөрү көп айтылбай жүрөт. Атам "Жумакем өзү төгүп ырдап жиберчү" деп көп айтчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүйүнбек Касмамбетов: атам өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин үйгө келген кишилерди Манасы менен тосуп алып, Манасы менен узатыптыр.
Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Сүйүнбек Касмамбетов: атам өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин үйгө келген кишилерди Манасы менен тосуп алып, Манасы менен узатыптыр.
— Агайдын "Бала кыялы", "Эр Кошой", "Бала Манас баяны", "Билерик", "Жар Манас" деген китептери бар. Илимий негизге таянып жазганбы же көркөм чыгармачылыкка көбүрөөк ыктады беле?
— "Жар Манас", "Аккула" деген китептеринде "Манастын" сюжеттерин улап жазып, илимий негизге басым жасаган чыгармаларды көп жаратты. "Асыл эне" деген алгачкы китебин апасына арнаган.
Кийинчерээк, 50дөн өтүп калганда "Манастын" окуяларын өзүнчө китеп кылып жаза баштады. "Эр Кошой" деп аталган биринчи эмгегине Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов редактор болду. Ал киши бир интервьюсунда: "Уучубуз куру эмес. Ушул биздин заманда да эпос жазган инсандарыбыз бар экен. "Манастын" кайсы эпизоду болсо да аны тармак-тармак кылып жазып чыгып, балдарга тартуулап турушубуз керек", — деген пикирин айтыптыр. Андан ары улантып "Билерик" деген эпос дастанын жазды. Кийинчерээк бизде манас таануу, "Манасты" мектеп окуучуларына үйрөтүү, окутуу саясаты башталганда эпосту жөнөкөйлөтүп, мектеп окуучуларына арнап ар бир эпизодду өзүнчө китепче кылып жайылта баштады. Белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев "Манастагы" окуяларды жөнөкөйлөтүп жазып, балдарга жеткирүүдө Сапакемдин эмгеги ат көтөргүс" деп айтып калат.
Кийин атам академиялык чөйрө менен катташып "Манас" эпосундагы жер-суу аттарын, анын ушул күнгө чейин сакталып жетиши тууралуу көп жазып, айтып жүрдү. Илимдер академиясына бир топ эмгектерин берди. Бул тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзгөндөр азыр да бар. Манас темасы боюнча президенттер менен да жолугушту, Маданият министрлиги менен да иштешип жүрдү.
Мен өмүр бою эле мамлекеттик кызматта иштедим. Биз алтообуз тең эле жазма иштерине, оозеки өнөргө шыктуубуз. "Манастын" да бардык эпизодун жакшы билем. Жатка билген жерлеримди улам эсиме түйүп айтып коюп жүрөм.
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Мар Байжиев: атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик
Сүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Манас ааламын чагылдырган сүрөтчү Асаналиев: кыргыз өзөгүнүн кыртышын буздук
Жаңылыктар түрмөгү
0