https://sputnik.kg/20261121/prezidenttik-shayloodo-talapkerdi-tndk-arkyluu-kantip-koldoogo-bolot--1104880538.html
Президенттик шайлоодо талапкерди "Түндүк" аркылуу кантип колдоого болот
Президенттик шайлоодо талапкерди "Түндүк" аркылуу кантип колдоого болот
Sputnik Кыргызстан
2027-жылдын 27-январында өтө турган Кыргызстандын президенттик шайлоосунда жарандар "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерди колдоп кол коё алышат. Ал үчүн... 21.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-21T18:37+0600
2026-11-21T18:37+0600
2026-11-21T18:37+0600
кыргызстан
коом
шайлоо
президенттик шайлоо
кол
колдоо
талапкер
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093006887_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_71d0150207373c43c5abf830abd7957d.jpg
Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 13-ноябрга карата шайлоого катышуу ниетин 11 адам билдирген. Эми талапкерлер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, мыйзамдын башка талаптарын аткарууга тийиш. Катталган талапкерлердин акыркы тизмеси 23-декабрга чейин түзүлүшү керек."Түндүк" аркылуу кантип кол коюуга болот?Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук кол чогултуунун тартибин түшүндүргөн. Талапкерди колдоо үчүн:Эске алуучу жагдай: "Колдоо" баскычын басарыңыз менен кол тамгаңыз талапкерге берилет, кошумча ырастоо талап кылынбайт. Ойдон кайтууга же кол тамганы жокко чыгарууга болбойт. Андыктан баскычты басардан мурда талапкердин аты-жөнүн кылдат текшериңиз.Бир нече талапкерди колдоого болобу?Ооба. Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, шайлоочу бир нече талапкерди колдоп кол коё алат, бирок ар бир талапкерге бир гана жолу кол коюуга укуктуу.Шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултушу керек.Кайсы күнгө чейин кол коюуга болот?Электрондук кол тамгаларды чогултуу 2026-жылдын 8-декабрына чейин уланат. Бирок айрым талапкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгү эртерээк жабылышы мүмкүн. Мисалы, акыркы кол коюу барактары түзүлгөндөн кийин токтошу ыктымал.Талапкерди колдогонуңузду ким көрө алат?"Түндүк" аркылуу берилген кол тамга жашыруун эмес. БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аларды колдогон шайлоочулар тууралуу маалыматты көрө алышат.Системада шайлоочунун аты-жөнү, аймагы жана кол тамганы ырастаган күнү көрсөтүлөт.Ошол эле учурда талапкерди колдоп кол коюу ага шайлоодо добуш берүү дегенди билдирбейт. Кол тамга талапкерди каттоо үчүн керек. Ал эми шайлоо күнү жаран бюллетендеги каалаган талапкерге добуш бере алат.Тиркеме орнотулбаса эмне кылуу керек?Android үчүн Google Play же iPhone үчүн App Store дүкөнүнөн "Түндүк" тиркемесин жүктөп алыңыз.Катталуу үчүн жеке идентификациялык номериңизди (ПИН), телефон номериңизди жана электрондук почта дарегиңизди көрсөтүңүз. Каттоону ырастоо үчүн телефонго же электрондук почтага келген алты орундуу кодду киргизүү керек.Тиркемеге киргенден кийин башкы беттеги талапкерлерди колдоо баннерин же "Кол топтоо" бөлүмдөрүн колдонуңуз.
https://sputnik.kg/20261105/1104725770.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1f/1093006887_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_7f7b3a76b13b2e8327545f72ac398d92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, шайлоо, президенттик шайлоо, кол, колдоо, талапкер
кыргызстан, коом, шайлоо, президенттик шайлоо, кол, колдоо, талапкер
Президенттик шайлоодо талапкерди "Түндүк" аркылуу кантип колдоого болот
2027-жылдын 27-январында өтө турган Кыргызстандын президенттик шайлоосунда жарандар "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерди колдоп кол коё алышат. Ал үчүн тизмеден талапкерди тандап, "Колдоо" баскычын басуу жетиштүү. Берилген кол тамганы кайра кайтарып алуу мүмкүн эмес.
Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына
ылайык, 13-ноябрга карата шайлоого катышуу ниетин 11 адам билдирген. Эми талапкерлер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултуп, мыйзамдын башка талаптарын аткарууга тийиш. Катталган талапкерлердин акыркы тизмеси 23-декабрга чейин түзүлүшү керек.
"Түндүк" аркылуу кантип кол коюуга болот?
Борбордук шайлоо комиссиясы
электрондук кол чогултуунун тартибин түшүндүргөн. Талапкерди колдоо үчүн:
1.
"Түндүк" мобилдик тиркемесин ачып, жеке кабинетиңизге кириңиз.
2.
Башкы беттеги президенттикке талапкерлерди колдоо боюнча баннерди басыңыз. Же тиркеменин издөө талаасына "Кол топтоо" деп жазып, табылган кызматты ачыңыз.
3.
Ачылган тизмеден керектүү талапкерди табыңыз.
4.
Анын аты-жөнүнүн тушундагы "Колдоо" баскычын басыңыз.
Эске алуучу жагдай: "Колдоо" баскычын басарыңыз менен кол тамгаңыз талапкерге берилет, кошумча ырастоо талап кылынбайт. Ойдон кайтууга же кол тамганы жокко чыгарууга болбойт. Андыктан баскычты басардан мурда талапкердин аты-жөнүн кылдат текшериңиз.
Бир нече талапкерди колдоого болобу?
Ооба.
Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, шайлоочу бир нече талапкерди колдоп кол коё алат, бирок ар бир талапкерге бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
Шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултушу керек.
Кайсы күнгө чейин кол коюуга болот?
Электрондук кол тамгаларды чогултуу
2026-жылдын 8-декабрына чейин уланат. Бирок айрым талапкерлерди колдоо мүмкүнчүлүгү эртерээк жабылышы мүмкүн. Мисалы, акыркы кол коюу барактары түзүлгөндөн кийин токтошу ыктымал.
Талапкерди колдогонуңузду ким көрө алат?
"Түндүк" аркылуу берилген кол тамга жашыруун эмес. БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аларды колдогон шайлоочулар тууралуу маалыматты көрө алышат.
Системада шайлоочунун аты-жөнү, аймагы жана кол тамганы ырастаган күнү көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда талапкерди колдоп кол коюу ага шайлоодо добуш берүү дегенди билдирбейт. Кол тамга талапкерди каттоо үчүн керек. Ал эми шайлоо күнү жаран бюллетендеги каалаган талапкерге добуш бере алат.
Тиркеме орнотулбаса эмне кылуу керек?
Android үчүн Google Play же iPhone үчүн App Store дүкөнүнөн "Түндүк" тиркемесин жүктөп алыңыз.
Катталуу үчүн жеке идентификациялык номериңизди (ПИН), телефон номериңизди жана электрондук почта дарегиңизди көрсөтүңүз. Каттоону ырастоо үчүн телефонго же электрондук почтага келген алты орундуу кодду киргизүү керек.
Тиркемеге киргенден кийин башкы беттеги талапкерлерди колдоо баннерин же "Кол топтоо" бөлүмдөрүн колдонуңуз.