https://sputnik.kg/20261106/ahmedjanov-mal-oorularyn-anyktoo-test-toptoomdor-pcr-ifa-1104749733.html
Малдын дартын аныктоо жеңилдейт. Кыргызстанда тест-системалар чыгарыла баштайт
Малдын дартын аныктоо жеңилдейт. Кыргызстанда тест-системалар чыгарыла баштайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаныбарлардын ооруларын аныктоочу тест-системаларды өндүрүү колго алынат. Бул тууралуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T12:09+0600
2026-11-06T12:09+0600
2026-11-06T12:09+0600
маалымат борбор
кыргызстан
ветеринария
мал
оору
тест
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/19/1079861213_125:464:2387:1736_1920x0_80_0_0_870c1d82379fa8b8d7884d1d6ad5e133.jpg
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаныбарлардын ооруларын аныктоочу тест-системаларды өндүрүү колго алынат. Бул тууралуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Максат Ахмеджанов Sputnik маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө ПЦР, ИФА, ошондой эле ДНК жана РНКны бөлүп алууга арналган атайын тест-топтомдор чыгарыла баштайт. Аталган каражаттар жаныбарлардагы илдеттерди өз убагында так аныктоого жана сайылган вакциналардын натыйжалуулугун текшерүүгө шарт түзөт. Кыргызстандык окумуштуулар иштеп чыккан тесттер россиялык аналогдор менен салыштырылып, сапаты бирдей экени, ал эми айрым көрсөткүчтөр боюнча сезгичтиги алардан да жогору экени далилденген. Учурда институт өндүрүш иштерин баштоо үчүн лицензия алуу процедураларын жүргүзүүдө. Тиешелүү борбор курулуп бүткөндөн кийин тест-системаларды чыгаруу эки-үч жыл ичинде жолго коюлары пландалууда. Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстан жаныбарлардын илдетин аныктоочу мындай тесттерди чет өлкөлөрдөн сатып алат.
https://sputnik.kg/20261104/1104712075.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/19/1079861213_39:0:2354:1736_1920x0_80_0_0_bcc44413af47586366c8e1cdb74a08c2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ветеринария, мал, оору, тест
кыргызстан, ветеринария, мал, оору, тест
Малдын дартын аныктоо жеңилдейт. Кыргызстанда тест-системалар чыгарыла баштайт
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жаныбарлардын ооруларын аныктоочу тест-системаларды өндүрүү колго алынат. Бул тууралуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Максат Ахмеджанов Sputnik маалымат борборунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ПЦР, ИФА, ошондой эле ДНК жана РНКны бөлүп алууга арналган атайын тест-топтомдор чыгарыла баштайт. Аталган каражаттар жаныбарлардагы илдеттерди өз убагында так аныктоого жана сайылган вакциналардын натыйжалуулугун текшерүүгө шарт түзөт.
Кыргызстандык окумуштуулар иштеп чыккан тесттер россиялык аналогдор менен салыштырылып, сапаты бирдей экени, ал эми айрым көрсөткүчтөр боюнча сезгичтиги алардан да жогору экени далилденген.
Учурда институт өндүрүш иштерин баштоо үчүн лицензия алуу процедураларын жүргүзүүдө. Тиешелүү борбор курулуп бүткөндөн кийин тест-системаларды чыгаруу эки-үч жыл ичинде жолго коюлары пландалууда.
Белгилей кетсек, ушул тапта Кыргызстан жаныбарлардын илдетин аныктоочу мындай тесттерди чет өлкөлөрдөн сатып алат.