https://sputnik.kg/20261102/kr-menen-rf-azhyrabaj-turgan-onoktoshtor-1104658424.html
Улуттук банк жетекчиси: Кыргызстан менен Россия — ажырагыс өнөктөштөр
Улуттук банк жетекчиси: Кыргызстан менен Россия — ажырагыс өнөктөштөр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия — оңой эле ажыратып коюуга болбой турган өнөктөштөр. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T11:53+0600
2026-11-02T11:53+0600
2026-11-02T11:53+0600
кыргызстан
улуттук банк
алтын
экономика
россия
алмаз бакетаев
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0a/1054932487_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_e6d4876d16163d9a09861a734863dacf.jpg
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия — оңой эле ажыратып коюуга болбой турган өнөктөштөр. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө кошумча түрткү болуп, чек ара аркылуу товар ташуу күчөдү. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги эл аралык эрежелерди сактап, товарлардын колдонулуучу максаттарын көзөмөлгө алган. Бакетаев республика кийинки жылы юань менен облигация чыгарууну пландап жатканына токтолгон. Юандын Кыргызстандын экономикасындагы ролу өсүп, соода байланыштары кеңейип жаткандыктан кытай валютасы менен каражат тартуу ыңгайлуу болууда. Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык резервдеринин бир бөлүгүн юань менен сактайт. Акыркы жылдары анын үлүшү кыйла жогорулаган. Бакетаев учурда Улуттук банктын резервинин 75 пайызы алтын менен сакталарын билдирди. Бул — 47 тоннадан ашык алтын же 1,5 миллион троя унциясы. Мекеменин жетекчиси башкы банк АКШнын казыналык облигацияларына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20261020/inflyatsiyaga-karshy-programma-ishke-kiret-1104391888.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0a/1054932487_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_f7fce398d94bc6d676e814eeba6ec6c7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, алтын, экономика, россия, алмаз бакетаев
кыргызстан, улуттук банк, алтын, экономика, россия, алмаз бакетаев
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия — оңой эле ажыратып коюуга болбой турган өнөктөштөр. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Bloomberg агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Россияга каршы санкциялар Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө кошумча түрткү болуп, чек ара аркылуу товар ташуу күчөдү. Ошол эле учурда кыргыз бийлиги эл аралык эрежелерди сактап, товарлардын колдонулуучу максаттарын көзөмөлгө алган.
Бакетаев республика кийинки жылы юань менен облигация чыгарууну пландап жатканына токтолгон. Юандын Кыргызстандын экономикасындагы ролу өсүп, соода байланыштары кеңейип жаткандыктан кытай валютасы менен каражат тартуу ыңгайлуу болууда. Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык резервдеринин бир бөлүгүн юань менен сактайт. Акыркы жылдары анын үлүшү кыйла жогорулаган.
Бакетаев учурда Улуттук банктын резервинин 75 пайызы алтын менен сакталарын билдирди. Бул — 47 тоннадан ашык алтын же 1,5 миллион троя унциясы. Мекеменин жетекчиси башкы банк АКШнын казыналык облигацияларына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын кошумчалады.