https://sputnik.kg/20261101/cholpon-ata-tuuraluu-1104623723.html
Чолпон-Атага 50 жыл. Курорттук шаар канткенде прайм-эрасына кирет
Чолпон-Атага 50 жыл. Курорттук шаар канткенде прайм-эрасына кирет
Sputnik Кыргызстан
Советтик система жылкы заводунун жанындагы айылды Союздун ар жагынан келип дарыланчу шыпааканага кантип айлантканы, тынчы жок 90-жылдарда шаар эмнеден кол... 01.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-01T15:38+0600
2026-11-01T15:38+0600
2026-11-01T15:38+0600
кыргызстан
ысык-көл
чолпон-ата
ссср
курорт
эс алуу
турист
система
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075806125_0:76:2835:1671_1920x0_80_0_0_4bd0bfe6793de00179581a259f7298b9.jpg
Шаар жараткан ишкана Быйыл Чолпон-Атанын шаар деген макам алганына 50 жыл толду, деген менен айтылуу курорттук аймактын тарых-таржымалы андан жарым кылымга узагыраак. Өткөн кылымдын башында азыркы Чолпон-Атанын ордунда чакан кыштак бар эле, жергиликтүүлөрдүн айтымында, анда болгону 15 түтүн жашаган. 1926-жылдын жазында бул жакка Биринчи атчандар армиясы полкунун мурунку командири Леонид Рапопорт келип, айылдыктарды иш, үй-жай, жол менен камсыздаган №4 мамлекеттик жылкы заводун түптөйт. Кийинчерээк жумушчулар азыркы Бактуу-Долонотуда жайгашкан заводдун биринчи бөлүмүнө алып барган жолду бойлой беш чакырымга терек тигишкен экен. Канча деген муун бул жолду Рапопорт аллеясы деп билген. 1930-жылдары заводдун алдында балдардын кургак учук оорусун дарылаган алгачкы санаторий ачылат да, дал ушул мекемеден Чолпон-Атанын курорттук тарыхы башталат. Башкача айтканда, шаардын өнүгүшүнө алгач бир ири ишкана негиз болгон. Айланасына иш орундарын түзүп, жол салган, бүтүндөй айыл-кыштак түптөгөн мындай ишканаларды адатта экономисттер "таяныч ишкана" деп аташат. Бүткүл союздук шыпаакана Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Ысык-Көл Советтер Союзунун атагы алыска кеткен дарылануучу жайына айланат. Япониянын JICA компаниясынын баалоосу боюнча, Көлгө жыл сайын 1,5 миллион киши келип турган. Эл профсоюздук же ведомстволук жолдомо менен келчү. Санаторийлерди министрликтер, профсоюздар жана союздук республикалар курган. Казакстан баштаган бир катар республикалардын Ысык-Көлдө өздөрүнүн дарылануучу жайлары болгон. Курорттук шаар Чолпон-Атада эл табигый ресурстардын жардамы менен дарыланган, советтик энциклопедияда аба, ылай, минералдык суулар дарылоонун негизги ыкмалары экени жазылган. 1965-жылы профсоюздар ушу кезге чейин иштеген "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийин ачышат. 34 гектар жерге түшүп 820 орунга ылайыкташкан жайда да дарылык касиети бар ылай жана минералдык булактар болгон. Санаторийлерден тышкары шаарда сүт комбинаты жана айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар бар эле. Башкача айтканда, курорт жергиликтүү калкты жумуш менен, ал эми өндүрүш курортту азык-түлүк менен камсыздаган. Экономикалык көз караштан алып караганда, советтик курорт моделинин артыкчылыгы эс алуучуларды жыл бою кабыл алгандыгында эле. Профсоюздар жолдомолорду 12 айдын баарына бөлгөн, андыктан санаторийлер жайы-кышы иштеп, жергиликтүү эл да жушуму жок калган эмес. Советтик система да канча киши келип эс аларын так билген. Ар бир жолдомо эсепте болуп, орунду, тамак-ашты, транспортту тактап алуу мүмкүн эле. Дарылануучу жай менен кошо кыштак да өнүккөн. Мисалы, 1970-жылы 5 239 киши жашаса, 1989-жылы 9 669 адамга жеткен. 1975-жылы Чолпон-Атага шаар макамы берилген, башкача айтканда, калаа советтик курорттук системасынын ишинин түз натыйжасы болду. Анткен менен бул системанын кемчилиги да бар эле. Акча бөлүү жана эс алуучулардын агымы боюнча чечимдер Чолпон-Атадан ого эле алыс жакта кабыл алынгандыктан, шаар курорттук системасын кантип башкаруу керектигин билбеген боюнча калды. 90-жылдары шаар эмнеден кол жууду Союз кыйрагандан кийин жолдомо системасы жоголуп, эс алуучулар кескин азайды. Ошол эле JICA берген маалымат боюнча, 1998-жылы Ысык-Көлгө эс алууга болгону 7 710 киши келип, 1999-жылкы эсеп боюнча, Чолпон-Атанын калкы 8 851ге чейин кыскарган. Албетте, кийинчерээк эс алуучулар кайтты деңизчи, бирок ал убакта таптакыр башкача система өкүм сүрүп калган эле. Санаторийлердин бир тобу менчиктештирилип, ири дарылануучу жайлардын ордуна ар үй-бүлө өзүнчө курорт болуп алган майда-барат конок үйлөрү пайда болгон. Мындай жагдай жан сактоого шарт түзүп бергени менен тармак жалпыга орток уюштуруучудан кол жууду. Чакан конок үйү Ысык-Көлдү чет жакта жарнамалай албайт эле, персоналды ишке көнүктүрүп, канализация кура алмак эмес. Ошол себептүү ушу тапта атаандаштык көбүнчө баада сакталып, тейлөөнүн сапаты өтө жай келе жатат. Казакстандын дарылануучу жайларынын тарыхы да кызык. Совет доорунда Казак ССРинин Ысык-Көлдө санаторийлери, эс алуу жайлары бар эле, бирок СССР тарагандан кийин ал объектилерге менчик укугу көп жыл бою такталбай турду. 2006-жылы гана Кыргызстан менен Казакстан макулдашууга кол коюп, жаңы протоколдорду Казакстандын сенаты 2026-жылдын февралында гана ратификациялады. Натыйжада Казакстан төрт объектиге ээ болуп, алар курулган жерди 49 жылга ижарага алды. 2014-жылы Чолпон-Атага өзгөчө вазийпа жүктөлүп, шаар ири эл аралык окуялар үчүн аянтча болуп, аймакта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, форумдар, саммиттер өтө баштады. 2025-жылы ШКУ өлкө башчылары Чолпон-Атаны уюмдун 2025-2026-жылдардагы туристтик жана маданий борбору деп жарыялады. Шаарга жаңы жолдор салынып, даңазасы артканы менен бир нече күнгө созулган мындай иш-чаралардан кийин кайра эле сезондук факторго байланган баягы кейпине түшүп калууда. Эс алуучу кайтып, бирок система жоголду Бүгүнкү күндө Ысык-Көл миллиондогон конок кабыл алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы 2,6 миллион киши эс алып кеткен. Бул -- советтик мезгилдегиден да көп көрсөткүч. Азия өнүктүрүү банкы Көлгө келген туристтердин 80 пайызы Чолпон-Атаны тандайт деген жыйынтык чыгарган. Деген менен эс алуучулар агымынын структурасы түп-тамырынан өзгөрдү. Эс алуучулардын 90 пайызы июнь, июль, августта келет. Кеч күздөн баштап кышы бою конок үйлөр жабык турат. Ал эми совет мезгилинде санаторийлер жыл бою иштегенин дагы бир ирет айта кетели. Туристтерди эсепке алуу да чабалдады. Облустук администрация 2024-жылы жайында 725 миң турист келгенин айтса, Статком 2025-жылы 2,33 миллион адам тууралуу айтты. Мындай айырмачылык эсеп-чот жүргүзүү ыкмасынын өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт. Бирок так маалымат албай туруп канализацияны да, жол курулушун да, конокту да пландоо мүмкүн эмес. Ооба, шаар өстү. 2023-жылы ага Бостери менен Бактуу-Долоноту кошулуп, ушу тапта Чолпон-Атада 26,6 миңдин тегерегиндеги киши жашайт. Көлдөгү мейманкана менен конок үйлөрүнүн 40 пайызы шаарга туура келгени менен калаанын өзүнүн акчасы аз. Мэрдин айтымында, Чолпон-Атанын бюджети 2025-жылы 425 миллион сомду түзгөн. Салыштыруу үчүн айтсак, быйыл өткөн ШКУ саммити менен Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1 миллиард 78 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Бир өтчү иш-чарага каралган акча шаардын бир жылдык бюджетинен 2,5 эсе көп болууда. Элинин саны өскөнүнө карабай инфраструктура азырынча жашы өнүгө элек. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, канализацияга жашоочулардын 43 пайызы гана кошулган. Ал эми саркынды сууларды тазалаган курулуштар совет мезгилинде, дээрлик 40 жыл мурун курулган. Эски суу системасы да эскирген, жайындагы жаан-чачында шаар көөчөлөрүн суу каптап кетет. Азыр абал өзгөрө баштады. Азия өнүктүрүү банкы 64,9 миллион долларлык долбоорду каржылоодо: тазалоочу түйүндөр салынып, айланма жолдор курулуп жатат. Деген менен түтүктөр, жолдор маселенин баарын чечип жибербейт. Башкы көйгөй башкада — курорттун совет доорундагыдай бардык милдетти мойнуна алган уюштуруучусу жок. Бир мисал келтире кетейин, 2000-жылдардын ортосунда Япониянын JICA агенттиги Ысык-Көл зонасын өнүктүрүү планын иштеп чыккан, божомол боюнча, 2025-жылга карата Көлгө 2,5 миллион киши келиши керек эле. Агенттик курорттун жыл бою иштөөсү үчүн шарт түзүүнү баса белгилеп сунуштаган, бирок ал орундалган жок, болгону туристтердин саны 2,6 миллионго жетти. Советтик тажрыйба Чолпон-Атаны чындап ири туристтик борборго айлантуу үчүн советтик системанын кандай иштегенин талдоо маанилүү. СССРдеги дарылоочу жайлардын ийгилиги болгону төрт нерсеге негизделген. Биринчиси, санаторий менен пансионаттардын орток уюштуруучусу болгон, ал жолдомо системасын тескеп, мекемелерге берип турган. Экинчиден, система жыл бою иштөөгө эсептелген. Үчүнчүдөн, келген элди минералдык суу, тоонун абасы, ылай менен дарылаган. Төртүнчүдөн, келчү коноктун так саны дайын эле. СССРдин пландык системасын кайтаруу, албетте, мүмкүн эмес, бирок бул принциптерди базар шартында калыбына келтирүүгө болот. Ушундай эле жолду Япония да басып өткөн, өзгөчө калыбына келтирүүдөгү тажрыйбасы өтө кызык. Экономикасы ыкчам өсө баштаган кезде япон компаниялары кызматкерлерин жапырт корпоративдик эс алууга жөнөтүп, курорттук система өлкөнүн ийгиликтүү саясатынын бир бөлүгүнө айланган. 1990-жылдагы кризистен кийин бул агым жоюлуп, япон курорттору советтик эс луучу жайлар сымал ээн калган. Бирок бүгүнкү күндө Японияда курорттук аймактарды башкарган 300дөн ашуун компания иштейт. Мисалы, курорттук шаар Атамини бош турган имараттарды оңдоп-түздөп, жаш ишкерлерге ижарага берген жергиликтүү компания калыбына келтирип алды. Бүгүн Чолпон-Атаны өнүктүрүү үчүн жөпжөнөкөй эле беш кадам керек. Биринчиси — курамына мэрия, конок үйлөр, санаторийлер ассоциациясы, "Рух ордо" жана аэропорт кирген "Чоң Чолпон-Ата" курортун башкаруучу бирдиктүү уюм түзүү. Бирикме шаардын жарнамасы, статистикасы, иш-чаралар календары жана персоналды окутуу менен алектенет. Башкача айтканда, советтик уюштуруучунун милдетин алат. Экинчиси — толугу менен шаарда кала турган туристтик жыйымдарды киргизүү. Акчанын жарымы республикалык бюджетке кете турган схема учурда талкууда. Бирок курорттун акчасы курорттун өзүнө кызмат кылышы керек. Чыгым тууралуу маалыматты жыл сайын жарыялоо зарыл. Үчүнчүсү — курортту жыл бою иштегидей шарт түзүү кажет. Ушул жерде советтик тажрыйба керектелиши мүмкүн: санаторийлик дарылоону жандантып, конференция, форумдарды уюштуруп, спорттук жыйымдарды киргизүү зарыл. Баса, өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Казакстан 2029-жылдын соңуна чейин өзүнүн мурунку дарылоочу жайларын жыл бою иштеген мейманканаларга айлантышы керек. Бул дагы курорттун жаңы режимин түзүүгө чоң салым болот. Төртүнчүсү — шаар эмнеден башталганын эске түшүрүү. Жылкы заводунун мурасын мыкты брендге айлантып, бүтүндөй бир индустрия, башкача айтканда, ат менен сейилдөөнү киргизип, көчмөндөр маданиятын чагылдырган музейлерди ачып, кымыз жана башка жергиликтүү чарбалардын азык-түлүк өндүрүшүн жолго коюуга болот. Мында Рапопорт аллеясын да калыбына келтирүү символикалуу долбоорго айланмак. Эскерте кетсек, бактар Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында кыйылган эле. Бешинчиси — так эсепти жана бирдиктүү пландоону кайтаруу. Башкарган уюм илгерки жолдомо менен келген туристтердин саны эсептелгендей эле коноктун эсебин өзү алып, эс алуу мөөнөтүн өзү каттап турушу керек. Мунун негизинде бүтүндөй "Чоң Чолпон-Ата" үчүн Кара-Ойдон Бостериге чейин бирдиктүү башкы план түзүү зарыл. Даңазалуу доор же прайм-эра Чолпон-Атанын жүз жылдык тарыхы шаарды ири уюштуруучулар түптөгөнүн көрсөтөт: алгач жылкы заводу, андан кийин советтик курорттук система. Чакан кыштак миллион турист келген бүткүл союздук дарылоочу жайга ушинтип айланган. 1990-жылдары баш-көз болчу уюштуруучусу жок калганы менен бүгүнкү күндө Ысык-Көлгө совет мезгилине караганда алда канча көп турист келүүдө. Болгону курорттун бирдиктүү системасы жок болуп жатат. Эми өзүнүн даңазалуу доорун сүрөрү жана кийинки 50 жылдык таржымалы Чолпон-Атанын кайра ошол тарыхты жарата алар албасынан көз каранды.
https://sputnik.kg/20261028/zheti-oguz-kurort-jany-korpus-1104560814.html
ысык-көл
чолпон-ата
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1f/1075806125_253:0:2582:1747_1920x0_80_0_0_1a84755e75883c80671af316bfbef484.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, чолпон-ата, ссср, курорт, эс алуу, турист, система
кыргызстан, ысык-көл, чолпон-ата, ссср, курорт, эс алуу, турист, система
Чолпон-Атага 50 жыл. Курорттук шаар канткенде прайм-эрасына кирет
Советтик система жылкы заводунун жанындагы айылды Союздун ар жагынан келип дарыланчу шыпааканага кантип айлантканы, тынчы жок 90-жылдарда шаар эмнеден кол жууп, Чолпон-Атаны өнүктүрүү үчүн советтик тажрыйбанын кайсынына кайрылса болору тууралуу колумнист ой жүгүрткөн.
Быйыл Чолпон-Атанын шаар деген макам алганына 50 жыл толду, деген менен айтылуу курорттук аймактын тарых-таржымалы андан жарым кылымга узагыраак.
Өткөн кылымдын башында азыркы Чолпон-Атанын ордунда чакан кыштак бар эле, жергиликтүүлөрдүн айтымында, анда болгону 15 түтүн жашаган. 1926-жылдын жазында бул жакка Биринчи атчандар армиясы полкунун мурунку командири Леонид Рапопорт келип, айылдыктарды иш, үй-жай, жол менен камсыздаган №4 мамлекеттик жылкы заводун түптөйт. Кийинчерээк жумушчулар азыркы Бактуу-Долонотуда жайгашкан заводдун биринчи бөлүмүнө алып барган жолду бойлой беш чакырымга терек тигишкен экен. Канча деген муун бул жолду Рапопорт аллеясы деп билген. 1930-жылдары заводдун алдында балдардын кургак учук оорусун дарылаган алгачкы санаторий ачылат да, дал ушул мекемеден Чолпон-Атанын курорттук тарыхы башталат. Башкача айтканда, шаардын өнүгүшүнө алгач бир ири ишкана негиз болгон. Айланасына иш орундарын түзүп, жол салган, бүтүндөй айыл-кыштак түптөгөн мындай ишканаларды адатта экономисттер "таяныч ишкана" деп аташат.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Ысык-Көл Советтер Союзунун атагы алыска кеткен дарылануучу жайына айланат. Япониянын JICA компаниясынын баалоосу боюнча, Көлгө жыл сайын 1,5 миллион киши келип турган. Эл профсоюздук же ведомстволук жолдомо менен келчү. Санаторийлерди министрликтер, профсоюздар жана союздук республикалар курган. Казакстан баштаган бир катар республикалардын Ысык-Көлдө өздөрүнүн дарылануучу жайлары болгон. Курорттук шаар Чолпон-Атада эл табигый ресурстардын жардамы менен дарыланган, советтик энциклопедияда аба, ылай, минералдык суулар дарылоонун негизги ыкмалары экени жазылган. 1965-жылы профсоюздар ушу кезге чейин иштеген "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийин ачышат. 34 гектар жерге түшүп 820 орунга ылайыкташкан жайда да дарылык касиети бар ылай жана минералдык булактар болгон. Санаторийлерден тышкары шаарда сүт комбинаты жана айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар бар эле. Башкача айтканда, курорт жергиликтүү калкты жумуш менен, ал эми өндүрүш курортту азык-түлүк менен камсыздаган.
Экономикалык көз караштан алып караганда, советтик курорт моделинин артыкчылыгы эс алуучуларды жыл бою кабыл алгандыгында эле. Профсоюздар жолдомолорду 12 айдын баарына бөлгөн, андыктан санаторийлер жайы-кышы иштеп, жергиликтүү эл да жушуму жок калган эмес. Советтик система да канча киши келип эс аларын так билген. Ар бир жолдомо эсепте болуп, орунду, тамак-ашты, транспортту тактап алуу мүмкүн эле.
Дарылануучу жай менен кошо кыштак да өнүккөн. Мисалы, 1970-жылы 5 239 киши жашаса, 1989-жылы 9 669 адамга жеткен. 1975-жылы Чолпон-Атага шаар макамы берилген, башкача айтканда, калаа советтик курорттук системасынын ишинин түз натыйжасы болду. Анткен менен бул системанын кемчилиги да бар эле. Акча бөлүү жана эс алуучулардын агымы боюнча чечимдер Чолпон-Атадан ого эле алыс жакта кабыл алынгандыктан, шаар курорттук системасын кантип башкаруу керектигин билбеген боюнча калды.
90-жылдары шаар эмнеден кол жууду
Союз кыйрагандан кийин жолдомо системасы жоголуп, эс алуучулар кескин азайды. Ошол эле JICA берген маалымат боюнча, 1998-жылы Ысык-Көлгө эс алууга болгону 7 710 киши келип, 1999-жылкы эсеп боюнча, Чолпон-Атанын калкы 8 851ге чейин кыскарган.
Албетте, кийинчерээк эс алуучулар кайтты деңизчи, бирок ал убакта таптакыр башкача система өкүм сүрүп калган эле. Санаторийлердин бир тобу менчиктештирилип, ири дарылануучу жайлардын ордуна ар үй-бүлө өзүнчө курорт болуп алган майда-барат конок үйлөрү пайда болгон. Мындай жагдай жан сактоого шарт түзүп бергени менен тармак жалпыга орток уюштуруучудан кол жууду. Чакан конок үйү Ысык-Көлдү чет жакта жарнамалай албайт эле, персоналды ишке көнүктүрүп, канализация кура алмак эмес. Ошол себептүү ушу тапта атаандаштык көбүнчө баада сакталып, тейлөөнүн сапаты өтө жай келе жатат.
Казакстандын дарылануучу жайларынын тарыхы да кызык. Совет доорунда Казак ССРинин Ысык-Көлдө санаторийлери, эс алуу жайлары бар эле, бирок СССР тарагандан кийин ал объектилерге менчик укугу көп жыл бою такталбай турду. 2006-жылы гана Кыргызстан менен Казакстан макулдашууга кол коюп, жаңы протоколдорду Казакстандын сенаты 2026-жылдын февралында гана ратификациялады. Натыйжада Казакстан төрт объектиге ээ болуп, алар курулган жерди 49 жылга ижарага алды.
2014-жылы Чолпон-Атага өзгөчө вазийпа жүктөлүп, шаар ири эл аралык окуялар үчүн аянтча болуп, аймакта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, форумдар, саммиттер өтө баштады. 2025-жылы ШКУ өлкө башчылары Чолпон-Атаны уюмдун 2025-2026-жылдардагы туристтик жана маданий борбору деп жарыялады. Шаарга жаңы жолдор салынып, даңазасы артканы менен бир нече күнгө созулган мындай иш-чаралардан кийин кайра эле сезондук факторго байланган баягы кейпине түшүп калууда.
Эс алуучу кайтып, бирок система жоголду
Бүгүнкү күндө Ысык-Көл миллиондогон конок кабыл алат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы 2,6 миллион киши эс алып кеткен. Бул -- советтик мезгилдегиден да көп көрсөткүч. Азия өнүктүрүү банкы Көлгө келген туристтердин 80 пайызы Чолпон-Атаны тандайт деген жыйынтык чыгарган. Деген менен эс алуучулар агымынын структурасы түп-тамырынан өзгөрдү. Эс алуучулардын 90 пайызы июнь, июль, августта келет. Кеч күздөн баштап кышы бою конок үйлөр жабык турат. Ал эми совет мезгилинде санаторийлер жыл бою иштегенин дагы бир ирет айта кетели. Туристтерди эсепке алуу да чабалдады. Облустук администрация 2024-жылы жайында 725 миң турист келгенин айтса, Статком 2025-жылы 2,33 миллион адам тууралуу айтты. Мындай айырмачылык эсеп-чот жүргүзүү ыкмасынын өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт. Бирок так маалымат албай туруп канализацияны да, жол курулушун да, конокту да пландоо мүмкүн эмес.
Ооба, шаар өстү. 2023-жылы ага Бостери менен Бактуу-Долоноту кошулуп, ушу тапта Чолпон-Атада 26,6 миңдин тегерегиндеги киши жашайт. Көлдөгү мейманкана менен конок үйлөрүнүн 40 пайызы шаарга туура келгени менен калаанын өзүнүн акчасы аз. Мэрдин айтымында, Чолпон-Атанын бюджети 2025-жылы 425 миллион сомду түзгөн. Салыштыруу үчүн айтсак, быйыл өткөн ШКУ саммити менен Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 1 миллиард 78 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Бир өтчү иш-чарага каралган акча шаардын бир жылдык бюджетинен 2,5 эсе көп болууда.
Элинин саны өскөнүнө карабай инфраструктура азырынча жашы өнүгө элек. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, канализацияга жашоочулардын 43 пайызы гана кошулган. Ал эми саркынды сууларды тазалаган курулуштар совет мезгилинде, дээрлик 40 жыл мурун курулган. Эски суу системасы да эскирген, жайындагы жаан-чачында шаар көөчөлөрүн суу каптап кетет.
Азыр абал өзгөрө баштады. Азия өнүктүрүү банкы 64,9 миллион долларлык долбоорду каржылоодо: тазалоочу түйүндөр салынып, айланма жолдор курулуп жатат. Деген менен түтүктөр, жолдор маселенин баарын чечип жибербейт. Башкы көйгөй башкада — курорттун совет доорундагыдай бардык милдетти мойнуна алган уюштуруучусу жок.
Бир мисал келтире кетейин, 2000-жылдардын ортосунда Япониянын JICA агенттиги Ысык-Көл зонасын өнүктүрүү планын иштеп чыккан, божомол боюнча, 2025-жылга карата Көлгө 2,5 миллион киши келиши керек эле. Агенттик курорттун жыл бою иштөөсү үчүн шарт түзүүнү баса белгилеп сунуштаган, бирок ал орундалган жок, болгону туристтердин саны 2,6 миллионго жетти.
Чолпон-Атаны чындап ири туристтик борборго айлантуу үчүн советтик системанын кандай иштегенин талдоо маанилүү. СССРдеги дарылоочу жайлардын ийгилиги болгону төрт нерсеге негизделген. Биринчиси, санаторий менен пансионаттардын орток уюштуруучусу болгон, ал жолдомо системасын тескеп, мекемелерге берип турган. Экинчиден, система жыл бою иштөөгө эсептелген. Үчүнчүдөн, келген элди минералдык суу, тоонун абасы, ылай менен дарылаган. Төртүнчүдөн, келчү коноктун так саны дайын эле.
СССРдин пландык системасын кайтаруу, албетте, мүмкүн эмес, бирок бул принциптерди базар шартында калыбына келтирүүгө болот. Ушундай эле жолду Япония да басып өткөн, өзгөчө калыбына келтирүүдөгү тажрыйбасы өтө кызык. Экономикасы ыкчам өсө баштаган кезде япон компаниялары кызматкерлерин жапырт корпоративдик эс алууга жөнөтүп, курорттук система өлкөнүн ийгиликтүү саясатынын бир бөлүгүнө айланган. 1990-жылдагы кризистен кийин бул агым жоюлуп, япон курорттору советтик эс луучу жайлар сымал ээн калган. Бирок бүгүнкү күндө Японияда курорттук аймактарды башкарган 300дөн ашуун компания иштейт. Мисалы, курорттук шаар Атамини бош турган имараттарды оңдоп-түздөп, жаш ишкерлерге ижарага берген жергиликтүү компания калыбына келтирип алды.
Бүгүн Чолпон-Атаны өнүктүрүү үчүн жөпжөнөкөй эле беш кадам керек. Биринчиси — курамына мэрия, конок үйлөр, санаторийлер ассоциациясы, "Рух ордо" жана аэропорт кирген "Чоң Чолпон-Ата" курортун башкаруучу бирдиктүү уюм түзүү. Бирикме шаардын жарнамасы, статистикасы, иш-чаралар календары жана персоналды окутуу менен алектенет. Башкача айтканда, советтик уюштуруучунун милдетин алат.
Экинчиси — толугу менен шаарда кала турган туристтик жыйымдарды киргизүү. Акчанын жарымы республикалык бюджетке кете турган схема учурда талкууда. Бирок курорттун акчасы курорттун өзүнө кызмат кылышы керек. Чыгым тууралуу маалыматты жыл сайын жарыялоо зарыл.
Үчүнчүсү — курортту жыл бою иштегидей шарт түзүү кажет. Ушул жерде советтик тажрыйба керектелиши мүмкүн: санаторийлик дарылоону жандантып, конференция, форумдарды уюштуруп, спорттук жыйымдарды киргизүү зарыл. Баса, өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Казакстан 2029-жылдын соңуна чейин өзүнүн мурунку дарылоочу жайларын жыл бою иштеген мейманканаларга айлантышы керек. Бул дагы курорттун жаңы режимин түзүүгө чоң салым болот.
Төртүнчүсү — шаар эмнеден башталганын эске түшүрүү. Жылкы заводунун мурасын мыкты брендге айлантып, бүтүндөй бир индустрия, башкача айтканда, ат менен сейилдөөнү киргизип, көчмөндөр маданиятын чагылдырган музейлерди ачып, кымыз жана башка жергиликтүү чарбалардын азык-түлүк өндүрүшүн жолго коюуга болот. Мында Рапопорт аллеясын да калыбына келтирүү символикалуу долбоорго айланмак. Эскерте кетсек, бактар Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында кыйылган эле.
Бешинчиси — так эсепти жана бирдиктүү пландоону кайтаруу. Башкарган уюм илгерки жолдомо менен келген туристтердин саны эсептелгендей эле коноктун эсебин өзү алып, эс алуу мөөнөтүн өзү каттап турушу керек. Мунун негизинде бүтүндөй "Чоң Чолпон-Ата" үчүн Кара-Ойдон Бостериге чейин бирдиктүү башкы план түзүү зарыл.
Даңазалуу доор же прайм-эра
Чолпон-Атанын жүз жылдык тарыхы шаарды ири уюштуруучулар түптөгөнүн көрсөтөт: алгач жылкы заводу, андан кийин советтик курорттук система. Чакан кыштак миллион турист келген бүткүл союздук дарылоочу жайга ушинтип айланган. 1990-жылдары баш-көз болчу уюштуруучусу жок калганы менен бүгүнкү күндө Ысык-Көлгө совет мезгилине караганда алда канча көп турист келүүдө. Болгону курорттун бирдиктүү системасы жок болуп жатат. Эми өзүнүн даңазалуу доорун сүрөрү жана кийинки 50 жылдык таржымалы Чолпон-Атанын кайра ошол тарыхты жарата алар албасынан көз каранды.