https://sputnik.kg/20261030/pentagon-nato-rossiya-1104615836.html
Пентагон НАТОнун тизгинин тартып, Россияга каршы сөздөрдү азайтууга чакырды
Пентагон НАТОнун тизгинин тартып, Россияга каршы сөздөрдү азайтууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Вашингтон европалык өнөктөштөрүн Москва менен болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 30.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-30T15:51+0600
2026-10-30T15:51+0600
2026-10-30T15:51+0600
дүйнөдө
акш
пентагон
эскертүү
владимир путин
россия
европа
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1f/1089873985_0:161:3071:1888_1920x0_80_0_0_1a4ee2a8de2a2b621f3679bd89b9974f.jpg
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Вашингтон европалык өнөктөштөрүн Москва менен болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, Россиянын дарегине айтылган курч сөздөрдү азайтууну суранды. Анткени америкалык тарап европалык лидерлердин айрым билдирүүлөрү жалпы коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт.АКШ мындай эскертүүнү Литва, Латвия жана Эстонияга берген (бул талап Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө тиешелүүбү же жокпу, азырынча белгисиз). Европалык чиновниктердин бири Вашингтондун бул позициясын “Биз силерге жардам берип жатабыз, демек, ашыкча чуу чыгарбай тынч отургула дегенди билдирет” деп чечмелеген. Бул талапты жеткирүү Пентагон жетекчисинин орун басарына тапшырылган. Ал Прибалтика өлкөлөрүн Москвага карата ашыкча курч сүйлөбөөгө чакырып, эстон делегациясына да өтө этият болууну сунуштаган.Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкө Европа менен согушууга даяр экенин, бирок муну каалабай турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20261030/patrushev-natonu-iri-sogushka-chygaruuga-umtulganyn-aytyptady--1104608392.html
акш
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1f/1089873985_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_19fff3c21a13511e836a948fc3d3d7a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, пентагон, эскертүү, владимир путин, россия, европа
дүйнөдө, акш, пентагон, эскертүү, владимир путин, россия, европа
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Вашингтон европалык өнөктөштөрүн Москва менен болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, Россиянын дарегине айтылган курч сөздөрдү азайтууну суранды. Анткени америкалык тарап европалык лидерлердин айрым билдирүүлөрү жалпы коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт.
АКШ мындай эскертүүнү Литва, Латвия жана Эстонияга берген (бул талап Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө тиешелүүбү же жокпу, азырынча белгисиз). Европалык чиновниктердин бири Вашингтондун бул позициясын “Биз силерге жардам берип жатабыз, демек, ашыкча чуу чыгарбай тынч отургула дегенди билдирет” деп чечмелеген.
Бул талапты жеткирүү Пентагон жетекчисинин орун басарына тапшырылган. Ал Прибалтика өлкөлөрүн Москвага карата ашыкча курч сүйлөбөөгө чакырып, эстон делегациясына да өтө этият болууну сунуштаган.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин өлкө Европа менен согушууга даяр экенин, бирок муну каалабай турганын билдирген.